Кечээки “кооз датада” жүздөн ашык түгөй баш кошту

Кечээки “кооз датада” жүздөн ашык түгөй баш кошту. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте 50 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 39 салтанат Бакыт үйүндө өткөн.   Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 22 салтанат өттү. Ведомстводон кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.

Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды. Аймактык казыяттан билдиришкендей, жыл башынан бери атайын түзүлгөн топ текшерүү жүргүзүп келген. Анын жыйынтыгында 24 мечитте тиешелүү документтер жок экени аныкталса, 27си сел жүрүү коркунучу алдындагы жерлерде жайгашкан.   Дагы 24 мечитке документтерин иретке келтирүүгө мөөнөт берилди.   Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде күзгү каникулдар 6-ноябрда башталат

Кыргызстан мектептеринде күзгү каникулдар 6-ноябрда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи чейрек жыйынтыкталгандан кийин окуучулар 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин эс алат.   Кайрадан парталарга алар 13-ноябрь, дүйшөмбүдө кайтып келет.

Республикада жакынкы 2 жылда 204 мектептин курулушу аяктайт

Республикада жакынкы 2 жылда 204 мектептин курулушу аяктайт. Буга Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу ишендирүүдө.   Анын айтымында, бул имараттардын курулушу 2015-жылдан бери бүтпөй келет. Жыл аягына чейин 59 жалпы билим берүү мекемеси ачылат. Ал эми кийинки жылы 100… Кененирээк…

Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин отурумунда күн тартибине 30 суроо киргизилди

Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин отурумунда күн тартибине 30 суроо киргизилди.   Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия департаментинин жетекчисинин орун басары Нурлан Арипов билдирди.   Анын айтымында, тараптар ЕАЭБдеги 2030-2045-жылдарга карата негизги багыттарды талкуулашат. Андан тышкары, рейтингдик агенттикти түзүү, өнөр-жай тармагында долбоорлорду ишке ашыруу… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.   Жапаров эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу мындан ары кеңейишине жана тереңдешине кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле Монголия, Кытай жана Кыргызстандын… Кененирээк…

Америкалык “Интер Майами” клубунун оюнчулары Месси менен баарлашуу үчүн испан тилин үйрөнүүдө

Америкалык “Интер Майами” клубунун оюнчулары Месси менен баарлашуу үчүн испан тилин үйрөнүүдө.   Маалыматка ылайык, аргентиналык форвард англис тилинде такыр сүйлөбөйт, болгону эртең менен командадагы өнөктөштөрү менен учурашышы мүмкүн.   Эске салсак, Лионель Месси “Интер Майамиге” ушул жылдын жайында өттү. Клуб менен келишим 2025-жылдын жай… Кененирээк…

Милиция алдыдагы эки күндө Бишкек жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт

Милиция алдыдагы эки күндө Бишкек жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт. Ички иштер министрлигинен эскертишкендей,  25-октябрдан 27-октябрга чейин ордо калаада КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ саммити өтөт.   Жогорку даражадагы коноктордун келишине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Андан улам узак тыгындар орун алышы ыктымал.

Бүгүн жана эртең Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары болот

Бүгүн жана эртең Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары болот.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сапар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен өтөт.   Анын алкагында президент менен жолугушуулар, эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелерди талкуулоо жана документтерге кол коюу пландалды. Андан… Кененирээк…

Салыктар боюнча карыз жөнүндө маалымкатты камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматты эми онлайн алса болот

Салыктар боюнча карыз жөнүндө маалымкатты камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматты эми онлайн алса болот.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул үчүн cabinet.salyk.kg сайтында жеке кабинетке мүмкүнчүлүк болушу керек.   Сервис транспорт каражатына жана кыймылсыз мүлккө салыктар боюнча маалымкаттарды берет. Документ иштелип чыгып, жарандын жеке кабинетине 2… Кененирээк…