Джими Хендрикстин гитарасы аукциондо сатылат

Легендарлуу америкалык рок-музыкант Джими Хендрикстин гитарасы аукциондо сатылат.   Лоттун баасы бир миллион доллардан ашат. Бул кызыл жыгачтан жасалган алты кылдуу электр гитара. Аны 62 жыл мурун жасашкан.   Дал ушул музыкалык аспап менен Хендрикс карьерасын баштаган дешет. Ал бул гитараны армиядан келгенде сатып алган.

Бишкектин борборунда эки күн суу болбойт

Бишкектин борборунда эки күн суу болбойт.   Мэриянын маалыматына караганда, 11-июлдан 13-июлга чейин Фрунзе жана Панфилов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда, темир жол линиясында жана Аламүдүн дарыясында өчүрүүлөр күтүлөт. Мунун себеби профилактикалык иштер менен байланыштуу.

Нарын облусунда жаңы мектеп курулат

Нарын облусунда жаңы мектеп курулат. Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу объект пайда болот.   Тендерди облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады. Бул максаттарга 80 миллион сомдон ашык бөлүнөт.   Окуу имаратынан тышкары подрядчы футбол, баскетбол жана волейбол аянтчаларын да курууга тийиш.

Кыргызстандыктар такси кызматына накталай эмес көбүрөөк төлөй башташты

Кыргызстандыктар такси кызматына накталай эмес жол менен көбүрөөк төлөй башташты. Улуттук банктын маалыматына караганда ушул жылдын январынан март айына чейин жарандар 3 миллиондон ашык төлөм жүргүзүп, таксисттердин эсебине дээрлик 500 миллион сом которгон.   Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу такси кызматтарынын пайдасына жасалган транзакциялардын саны… Кененирээк…

Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттер кабыл алынууда

Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттер кабыл алынууда. Билим берүү министрлиги билдиргендей, жараян онлайн режиминде 30-августка чейин уланат.   Кабыл алуу эрежеси боюнча лицейлерге тогузунчу жана он биринчи классты бүтүргөндөр кабыл алынат. Документтерди тапшыруу боюнча бардык маалыматтар Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.

Улуу Британияда музыканттардын 63%ы жасалма интеллектти колдонушат

Сурамжылоого катышкан 3 миң британиялык музыканттын 63 пайызы чыгарма жаратууда жасалма интеллектти колдонушат. Алардын айтымында, система музыкалык стандарттардын, композициялык ырааттуулуктун жана алгоритмдердин негизинде жаңы чыгарманы сабаттуу жаратат.   Убакыттын өтүшү менен нейрондук тармак технологиялары стиль, жанр, маанай сыяктуу параметрлерди туура жеткире алат.   Респонденттердин айтымында,… Кененирээк…

Баткенде 11 миллион долларга агрардык долбоор башталды

Баткенде 11 миллион долларга агрардык долбоор башталды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, каражат Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн.   Акча айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Ага ылайык, Баткендин ар бир айыл өкмөтү жеңилдетилген кредиттерди ала алышат. Бул үчүн алар күзгө чейин иш пландарды жана долбоорлорду түзүшү… Кененирээк…

“ПСЖга” жаңы машыктыруучу дайындалды

Луис Энрике француздардын “ПСЖ” футболдук клубунун жаңы машыктыруучусу болду. Аны менен келишим эки жылга эсептелген. Буга чейин ал Испаниянын футбол боюнча курама командасын жетектеп келген.   Эске салсак, команданын машыктыруучусу Кристоф Гальтье кечээ, 5-июлда отставкага кетти. Гальтьенин жетекчилиги астында клуб Франциянын чемпиону жана өлкөнүн Суперкубогунун… Кененирээк…

Энергетика министрлиги 30га жакын жаңы атайын техника алды

Энергетика министрлиги 30га жакын жаңы атайын техника алды.   Өкмөт энергетика тармагын реформалоодо бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилгенин эске салды. Бул каражатты сарамжалдуу пайдаланууга, материалдык-техникалык базаны жаңыртууга мүмкүндүк берди. Жыл ичинде энергетиктер үчүн дагы 70тен ашык атайын техника сатылып алынат, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда автогаздын кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда автогаздын кымбатташы күтүлүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, бул күйүүчү майга 1-июлдан тарта акциздик салыктын киргизилишине байланыштуу.   Автогаздын баасы литрине 1 сом 80 тыйынга кымбатташы мүмкүн. Ал эми бензин менен дизель майынын баасына келсек, азыр АИ-92 57 сом 20 тыйын, ал эми… Кененирээк…