Кыргызстандыктарга Россия аймагынын Украина менен чектеш аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат

Кыргызстандыктарга Россия аймагынын Украина менен чектеш аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул аталган райондордо абал чыңалып жатканына байланыштуу. Бул аймактарда жашаган кыргызстандыктар болсо коопсуздук боюнча бардык зарыл чараларды карманып, бир нерсе болсо, дароо Россиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылышы керек. Россиядагы КРнын… Кененирээк…

Сокулуктагы бала бакчанын имараты балдарга кайтарылды

Сокулук райондук прокуратурасынын доо арызынын негизинде райондогу бала бакчанын имараты, жери менен кайтарылып алынды. Башкы прокуратура маалымдагандай, аталган бала бакчанын эки кабат имараты 2004-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Социалдык Фонддун райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Соцфонддун райондук башкармалыгы аны административдик имарат катары колдонуп келген.… Кененирээк…

Бишкекте алгачкы жол көрсөткүч такталары пайда болду

Бишкекте алгачкы жол көрсөткүч такталары пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, белгилер Чүй проспектисинин Гоголь көчөсү менен кесилишинде жана Чүй – 7-апрель тилкесинде орнотулду.   Алар атайын жарык чагылдыруучу пленка менен капталып, аба-ырайынын бардык шарттарында даана көрүнүп турат. Көрсөткүчтөрдү орнотууга каражатты демөөрчүлөр бөлүп берди.

Бишкекте мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды

Бишкекте мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар тапшырылды. Мыкты окуучуларга күбөлүктөрдү мэр Эмилбек Абдыкадыров тапшырды.   Белгилеп кетсек, жалпысынан “Алтын тамга” сертификатына өлкө аймагында 167 окуучу ээ болсо, анын 55и  Бишкек мектептеринин бүтүрүүчүлөрү.

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу түрдө иштей алат

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу түрдө иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.   Ведомстводон билдиришкендей, Жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борбору менен кувейттик компания ортосунда макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, кыргызстандыктарга Кувейтте туризм, медицина жана мейманкана тармактарында вакансиялар сунушталат.   Башкы талаптардын… Кененирээк…

Өлкөдөгү 150дөй айылга өзгөчө макам берилет

Өлкөдөгү 150дөй айылга өзгөчө макам берилет.   Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мындай демилге мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шартын жакшыртуу максатын көздөйт.   Андан тышкары, аракеттер чек ара… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлеринин насыялары жоюлат

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлеринин насыялары жоюлат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, жалпысынан 15 миллион сомдой насыя кечирилет.   Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 24-майда кабыл алган. Ал эми буга чейин Каржы министрлиги 200 миң сомдон насыя… Кененирээк…

Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан 16 адамдын экөө — Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 23-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сотто жүргөн «Азаттыктын» кабарчысынын маалымдашынча, калган 14 адам абакта калды. Кемпир-Абад иши боюнча сот 26-июнда уланмай болду. Бүгүнкү… Кененирээк…