Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды өрттөөчү ири завод курат

Кытайлык компания Бишкекте таштандыларды өрттөөчү ири завод курат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле шаарда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.   Капсуланы жаз айларында салуу пландалып жатат. Курулуш процесси бир жарым жылдай созулат.

Мамлекеттик маалымат борборун түзүү боюнча иштер быйыл башталат

Мамлекеттик маалымат борборун түзүү боюнча иштер быйыл башталат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, кеп негизги мамлекеттик платформа жана резервдик борбор жөнүндө болуп жатат.   Мекеме маалыматтарды иштеп чыгуу борбору интернетке туташтырылган жана атайын бөлмөдө жайгашкан аппараттык-программалык комплекс болот деп түшүндүрдү.   Борбор мамлекеттик маалыматтык системаларды жайгаштыруу… Кененирээк…

Таласта аз камсыз 100 үй-бүлөгө 1 тонна акысыз кумшекер таратылды

Талас районунда аз камсыз 100 үй-бүлөгө 1 тонна акысыз кумшекер таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Жардам турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилген.   Каржылык колдоону жергиликтүү фонддордун бири көрсөткөн.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Мекеменин маалыматына ылайык, 8-январга карата АИ-92 бензининин республика боюнча орточо баасы литрине 63 сом 3 тыйынды, дизелдик май 70 сом 90 тыйынды түзөт.   Учурда республикада майдын запастары… Кененирээк…

Римде фонтанга тыйын ыргытуу салты аталган шаарга чоң байлык алып келди

Римге дагы келүү үчүн фонтанга тыйын ыргытуу салты аталган шаарга чоң байлык алып келди. Бирок так сумма азырынча белгисиз. Жыйынтык ар кайсы өлкөлөрдүн монеталарын еврого алмаштырганда белгилүү болот.   Ошол эле учурда муну ишке ашыра турган кайрымдуулук уюму жок дегенде бир жарым миллион евро чогулат… Кененирээк…

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Турнирдин биринчи күнүндө 5 комплект медаль ойнотулат, алар үчүн 93 спортчу күч сынашат.   Олимпиадалык болгон 97 килограммга чейинки салмак категориясына 8 спортчу катышууда.   Бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимп оюндарына лицензиялык турнирге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы… Кененирээк…

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жаш калкы бар мамлекет

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жаш калкы бар мамлекет. Мындай маалыматтар Евразия экономикалык комиссиясынын «Демография сандар менен. ЕАЭБ статистикасы» жыйнагында камтылган.   Маалыматка ылайык, өткөн жылдын башына карата кыргызстандыктардын орточо жашы 28 жашты түзгөн. Андан кийинки орунда Казакстан – 32 жаш. Арменияда калктын орточо жашы… Кененирээк…

“Аль-Иттихад” клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиядан кетүүнү чечти

“Аль-Иттихад” клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиядан кетүүнү чечти. Форварддын каалоосу тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.   Белгилүү болгондой, Бенземага оюн талаасындагы маселелер, беттештерге күйөрмандардын аз келиши жана өтө ысык аба-ырайы жакпайт. Эске салсак, Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубуна өткөн жылдын жайында которулган.… Кененирээк…

Баткенде кыз-келиндер үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Баткенде кыз-келиндер үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, спорт комплекс Самаркандек айылында жайгашат.   Залдын курулушуна каражат жергиликтүү бюджеттен жана Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Андан тышкары, 2 миллион сом спорттук шаймандарды сатып алууга тапшырылды.

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде тыгындарды азайтуу максатында айланма жол куруу чечими кабыл алынган.   Анын алкагында айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштери башталды. Жеринде 26… Кененирээк…