Ысык-Көлдө Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 7-октябрда Кыргыз ССРнин эл артисти Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп өскөн жери Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында белгиленди.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистрлигинен билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк кыргыз экономикасы быйыл 3,5% өсөт деп болжолдоодо

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл жыл соңунда 3,5% өсөт деп божомол жасады.   Бул тууралуу мекеменин Европа жана Борбор Азия боюнча соңку баяндамасында жазылган.   Финансылык мекеменин адистери мунун себебин айыл чарба түшүмүн жыйноо жана товар өндүрүү жайлаганы менен байланыштырган.

Каратечи Кымбат Тойтонова Азия оюндарында коло медаль алды

Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.   Аталган мелдешке кыргыз спортчусу 61 кг салмак ченинде катышып, алгач кореялык атаандашын, андан соң бангладештик спортчуну жеңген. Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчу менен кез келип,… Кененирээк…

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” жетекчиси алмашты

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Талантбек Өмүралиев кызматтан алынып, анын ордуна Медер Темирбеков дайындалды. Бул тууралуу акционердик коом катталган “Кыргыз фондулук биржасы” кабарлады.   Өмүралиев бул кызматта төрт айдай иштеди. Ал иштен өз каалоосу менен арыз жазып кеткени маалымдалды.