Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды
Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кеп Жибек-Жолу проспектисинде жана Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан борборлор жөнүндө болуп жатат. Бул жерлер эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында башталган пилоттук долбоор 29-декабрга чейин уланат.