Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда этномузей жана китепкана пайда болот

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда этномузей жана китепкана пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объектилер Масы айылында жайгашат.   Эскизди жергиликтүү архитекторлор даярдашты. Имараттарды калк жашаган түйүндүн борбордук паркында куруу пландалууда. Иштер быйыл башталат.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 42 миллиард 453 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 42 миллиард 453 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, белгиленген пландан сумма 1 миллиард 952 миллион сомго ашты. 2023-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 6,5 миллиард сомго өстү.

Сузакта өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже,БУУнун Өнүктурүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева,… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүйдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт

Бишкекте жана Чүйдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт.   Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Мындай аракет иш күндөрү унаасын каттатууга келе албагандарга шарт түзүү үчүн жасалууда.   Эс алуу күндөрү дагы иштей турган бөлүмдөр — Аламүдүн бөлүмү, Таш-Дөбө сектору жана… Кененирээк…

Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону өтөт

Чолпон-Ата шаарында 4-май күнү Эл аралык Ысык-Көл «Run the Silk Road» марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Аталган жарышка ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы жөө күлүктөрү жана жеңил атлетика ышкыбоздору катыша алат. Марафондун катышуучулары 42,2, 21,1, 10, 3 чыкырым аралыкка чуркоо жана… Кененирээк…

Жер мунапысы боюнча 8 миң гектар жер трансформацияланды

Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 142 миң 752 арыз келип түшкөн. Учурда 34 миң 112 үйгө паспорт, 46 миң 673 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Жалпы 8 миң 930 гектар жер трансформацияланган. Бул маалымат 15-марттагы Жогорку Кеңештин “Ишеним”… Кененирээк…

12 жылдык орто билим берүү жөнүндө токтом жактырылды

Министрлер кабинети 15-мартта өткөргөн жыйында 12 жылдык орто билим берүү камтылган «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтом жактырылды. Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматта окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максат кылынган. «Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим… Кененирээк…