ИИМ мүлктү уурулардан коргоо үчүн бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт

Ички иштер министрлиги жарандар үйдө жок кезде мүлктү уурулардан коргоо үчүн бир нече жөнөкөй эрежени сунуштайт. Алсак, үйдөн чыгаар алдында бардык эшик-терезелерди бекем жабуу, видео байкоо камерасын орнотуу, ошондой эле муляж — жабдуулардын болушу каракчыны коркутат дешет.   Эгер батир биринчи кабатта болсо, анда терезе… Кененирээк…

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкөдө 500дөн ашык күйүүчү май базасы ачылат

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкөдө 500дөн ашык күйүүчү май базасы ачылат. Министрлер кабинетинин жетекчи орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, биринчи кезекте көмүр казган ишканалар бюджеттик мекемелердин жана калктын катуу отунга болгон муктаждыгын камсыз кылышы керек.   Ошондой эле ишканалар көмүрдүн баасын негизсиз көтөрсө, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу… Кененирээк…

Бишкек-Чаек каттамы боюнча түнкү автобустар жүрө баштады

Батыш автобекетинен Бишкек-Чаек каттамы боюнча түнкү автобустар жүрө баштады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Билеттин баасы 500 сом. Автобустар Бишкектен күн сайын түнкү саат 21:30да, Чаектен кечки 8де жолго чыгат.

Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек

Жакынкы эки-үч жылда Кыргызстанда жүздөгөн чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары ишке кириши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, азыр республика энергетика тармагын өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, алардын эң негизгиси энергетикалык жабдуулардын өтө эскириши, суунун аздыгынан электр энергиясын… Кененирээк…

Футбол боюнча улуттук курама команда жайкы машыгууларын Болгарияда өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жайкы машыгууларды Болгарияда өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Машыгуулар 16-27-июлга чейин Банско шаарында болот. Иш-чарага кыргызстандык клубдарда ойногон 26 оюнчу барат.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. “Манас” аба майданынан билдиришкендей, каттамдар өз убагында аткарылууда.   Эске салсак, кечээ аймакта мөндүр аралаш жамгыр жааган. Жаандын саркынды суусу аккан түтүктөр толуп калып, мындан улам аэропорттун күтүү залын суу каптаган. Мүчүлүштүк жарым сааттын ичинде жөнгө… Кененирээк…

Бийлик электр энергиясын керектөөнүн лимитин көзөмөлдөгүсү келет

Бийлик электр энергиясын керектөөнүн лимитин көзөмөлдөгүсү келет. Өкмөттүн божомолуна ылайык, ушул жылдын октябрь айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард куб метрден бир аз ашат. Бул күтүлгөндөн эки миллиардга аз.   Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине электр энергиясын… Кененирээк…

Быйыл энергокомпанияларга дээрлик 11 миллиард сом каралган

Быйыл энергокомпанияларга дээрлик 11 миллиард сом каралган. Каржы министрлигинен билдиришкендей, сумма ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында бөлүнүүдө.   Ошондой эле кийинки жылга 55 миллиард сомдон ашык, 2025-жылга 57 миллиард сом бөлүнөт, — деп айтылат маалыматта.

Баткенде ашар жолу менен таза суу тартылууда

Баткенде ашар жолу менен таза суу тартылууда. 38 миңдей калк жашаган облустагы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары бул үчүн 500 миң сомдой каражат топтогон.   Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда жумуштар дээрлик элдин өз демилгеси менен ишке ашып жатат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча 1 миңден ашык… Кененирээк…

Тамчыда мөндүр аралаш жамгыр жаап, «Ысык-Көл» аэропортун суу каптады

Тамчы айылында 6-июлда мөндүр аралаш жамгыр жаап, «Ысык-Көл» аэропортун суу каптады.   «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.   Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми… Кененирээк…