Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты. Дүйнөлүк күрөш уюму Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мелдештен кийин жаңыланган рейтинг жарыялады.   Айсулуу Тыныбекованын аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингде биринчи орунга чыгышына мүмкүнчүлүк берген.

Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Муну менен катар ал Суу ресурстары кызматынын директорунун милдетин аткарат.   Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, бүгүн аталган министрликте жетекчинин 3 орун басары… Кененирээк…

Бишкекте курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду

Бишкекте курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду.   Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, 45 миң көрүүчүнү батырган спорт аянтчасынын курулушу жакынкы күндөрү башталат.   Эскиздер улуттук баалуулуктарды эске алуу менен иштелип чыкты, стадион кыргыз боз үйүн элестетет.  … Кененирээк…

Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды

Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды. Энтони Жубер баласы менен балык улоого чыккан. Эркек сууга киргенде бутун крокодил тиштеп алган. Чапкыласа дагы, жырткыч кое берген эмес.   Бул учурда анын аялы жардамга келип, чоң устун менен крокодилди сабап кирген. Жыйынтыгында аллигатор качып жөнөдү.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дагы эле кескин азаюуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дагы эле кескин азаюуда.   Бүгүнкү күнгө карата башкы резервуарда 7 миллиард 300 миллион куб суу калды. Деңгээл критикалык чекке жетет деген коркунучтар бар.   Адистер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет. Учурда Токтогулдан агып чыккан суунун көлөмү чыгашадан… Кененирээк…

Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде

Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде.   Кеменин курулушу ага жүздөгөн миллион долларды турат. Эгер план ишке ашса, жаңы “Титаник” 2027-жылдын июнь айында океанга кое берилип, Стаутгемптондон Нью-Йоркко сапар тартат. 70 жаштагы миллиардер мойнуна алгандай, ал акчаны көп тапканы менен,… Кененирээк…

Бишкекте цирк имаратынын ири реконструкциясы башталды

Бишкекте цирк имаратынын ири реконструкциясы башталды. Имараттын эскилиги жеткендиктен, андагы бардык объектилер демонтаждалып, бир гана дубалдары калган.   Эми ал толугу менен жаңыртылат. Андан тышкары, вентиляция жана жылуулук системалары калыбына келтирилет. Ошондой эле цирк артисттерине бардык шарттарды түзүп берүү пландалууда. Ремонттук иштер жыл аягына чейин… Кененирээк…

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 13 миң 500 жеңил унаа ташып келинди

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 13 миң 500 жеңил унаа ташып келинди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, транспорт              13 өлкөдөн жеткирилген.   Эң көбү Кытай жана Түштүк Кореядан келди. Кошумчалап кетсек, өткөн жылдын ушул мезгил аралыгында Кыргызстанга 6 миңдей унаа ташылган болчу.

Баткенде электр тармактарда бүгүн жана эртең пландык оңдоо иштери аткарылып жатат

Баткенде электр тармактарда бүгүн жана эртең пландык оңдоо иштери аткарылып жатат.   Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, мындай чара кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында көрүлүүдө.   Трансформаторлордун техникалык абалын жакшыртуу, элеткр өткөрүү линияларын текшерүү жана башка жабдууларды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкты алдын алуу боюнча эмдөө календарына өзгөртүү киргизди

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкты алдын алуу боюнча эмдөө календарына өзгөртүү киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эми балдар экинчи дозаны 6 жашында эмес, 2 жашында алышы керек.   Мындай чара вирустун жайылышын токтотуу максатында кабыл алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, Кыргызстанда кызамык боюнча абал оор бойдон калууда. 12-мартка… Кененирээк…