Банктарга акча салуунун кепилденген компенсация суммасы 1 миллион сомго чейин көбөйтүлдү

Банктарга акча салуунун кепилденген компенсация суммасы 1 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Буга чейин ал 200 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу депозиттерди коргоо боюнча агенттиктен билдиришти.   Тактап айтканда, банк же башка каржылык мекеме банкрот деп табылса, 1 миллион сомго чейинки аманаттар толугу менен кайтарып берилиши… Кененирээк…

АКШ тургуну чат-ботко күйөөгө тийди

АКШ тургуну чат-ботко күйөөгө тийди. Аял Replika тиркемеси аркылуу өзүнө санарип өнөктөш түзүп алды. Анын айтымында, анын күйөөсүндө жаман сапаттар такыр жок, ал аны урушпайт жана жаман пикир айтпайт.   Боттун эмоциялары жана аң сезими жок болгону менен, аял аны бир көрүп сүйүп калганын айтып… Кененирээк…

15-июндан тарта Грозный – Бишкек – Грозный аба каттамы кое берилет

15-июндан тарта Грозный – Бишкек – Грозный аба каттамы кое берилет. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, багыт боюнча лайнерлер жумасына бир ирет – бейшемби күндөрү учат.   Кошумчаласак, эки шаар ортосунда аралык 2 миң чакырымды түзөт. Учуу убактысы 3,5 саат.

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер иштеп баштады

Бишкекте мектеп алдындагы лагерлер иштеп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, жалпысынан 39 аянтча түзүлдү.   Ар биринде балдарга ысык тамак берилет. Жалпысынан мектеп алдындагы лагерлерге 4 миңден ашык окуучу жазылды.   Эс алуу учурунда аларга маданий экскурсиялар, мелдештер, спорт оюндары жана башка кызыктуу иш-чаралар каралды. Лагерлер… Кененирээк…

Парламентте коррупция үчүн соттолгондорго бийлик тармагында иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Парламентте коррупция үчүн соттолгондорго бийлик тармагында иштөөгө тыюу салуу сунушталды.   Демилгечилердин айтымында, эгер жаран буга чейин коррупция үчүн жоопкерчиликке тартылса, анда ал президент, депутат, министрлер кабинетинин мүчөсү, мэр жана башка мамлекеттик кызматкер боло албайт.   Соттолгондугу боюнча факт жоюлса дагы, бул эреже сакталышы керек.… Кененирээк…

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Диетологдордун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек.   Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат. Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактар аралык маршруттук таксилердин жүрүү графигин онлайн билип алса болот

Кыргызстандын аймактар аралык маршруттук таксилердин жүрүү графигин онлайн билип алса болот. Ошондой эле, эми аралыктан эле орун алып коюу кызматы жеткиликтүү.   “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы бул үчүн атайын сайт жана уюлдук тиркеме иштеп чыгууда, — деп билдирди анын жетекчиси Темирбек Анаркулов.   Анын айтымында,… Кененирээк…

Мас абалында унаа башкаруу үчүн миңден ашык кыргызстандык айдоочү күбөлүгүнөн ажырап калды

Мас абалында унаа башкаруу үчүн миңден ашык кыргызстандык айдоочү күбөлүгүнөн ажырап калды. 3 айга карата маалымат менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бөлүштү.   Эске салсак, 8-марттан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн жаза күчөтүлдү.   Алсак, эми мас абалында унаа башкаруу үчүн 17… Кененирээк…

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы пайда болот

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы пайда болот.   Аны Улуттук банк кийинки жылдын күзүндө ишке киргизүү ниетинде. Кыргызстандыктар ыкчам төлөм системасы менен банк эсептериндеги акчаны бирдиктүү индикатор менен которо алат.   Башкача айтканда, системага кошулган банктардын ортосунда каражатты эч тоскоолдуксуз которууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кийинчирээк өлкөнүн башкы… Кененирээк…

Бишкекте сууну көп талап кылган объектилерге суу берүү токтотулду

Бишкекте сууну көп талап кылган объектилерге суу берүү токтотулду. “Бишкек суу каналы” ишканасынан билдиришкендей, чектөөлөр суу тартыштыгы менен абал жакшырганга чейин күчүндө болот.   Мэрия маалыматы боюнча Кривоносов – Муром – Алыкулов – Семетей – Иманалиев – Шабдан Баатыр – БЧК жана Достоевский көчөлөрүн бириктирген… Кененирээк…