Кыргызстандык боксчу эл аралык мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Сагын Сатыбалды уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.   Boxam эл аралык мелдеши Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жатат. Мушкер 80 кг чейинки салмак ченинде катышты.   Ал 1/8 финалдык… Кененирээк…

ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун кызматкер тартылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 557 кызматкер, 35 техника тартылды.   Ыкчам штабдан билдиришкендей, анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу жана 17 техника тартылган. Жеринде түзүлгөн штаб ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез арада… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирет. Соңку маалыматка караганда, учурда жылуулук-электр борборунун жалпы активдүү кубаттуулугу 245 мегаватты түзөт.   6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. Дагы бир буу казан жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.

“Бишкек жылуулук тармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду

“Бишкек жылуулук тармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду. Мындай чара жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн көрүлдү, — деп билдиришти «Электр станциялар» компаниясынан.   Маалыматка ылайык, ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда.   Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде… Кененирээк…

Кыргызстанга зер буюмдарды ташып келүү бир нече эсеге азайды

Өткөн жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстанга баалуу металлдардан жасалган 3,3 тонна зер буюм ташып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Аталган көлөмдөгү буюмдун баары 8,5 миллион долларга бааланган. Импорттолгон өлкөлөр: Россия — 2 тонна; Түркия — 0,8 тонна; Италия — 0,3 тонна; Кытай… Кененирээк…

Жалал-Абадда аялдар бир жума бою ден соолугун акысыз текшерте алат

Үстүбүздөгү жылдын 5-10-февраль аралыгында Жалал-Абад облусундагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган акция экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти. Каалоочулар облустагы бардык медициналык борборлоруна кайрылса болот. «Текшерүүнүн… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын тамактануу ченеми 1-январдан тартып эки эсе көбөйтүлдү

Мектеп окуучуларынын тамактануу ченеми 1-январдан тартып эки эсе көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Ага ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен кошумча 999,4 миллион сом каралган. Бул каражат мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга… Кененирээк…

Жылуулук-электр борборундагы аварияга байланыштуу күнү-түнү чалуу борбору иштеп жатат

Жылуулук-электр борборундагы аварияга байланыштуу күнү-түнү чалуу борбору иштеп жатат. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, ыкчам бригадалардын нөөмөтү уюштурулуп, кошумча кызматтар түзүлдү.   Жылуулук маселелери боюнча жарандар 1980 кыска номерине байланышса болот.

Бишкек ЖЭБинде кошумча 4 буу казан ишке кирди

Бишкек ЖЭБинде кошумча 4 буу казан ишке кирди.   Бул тууралуу республикалык медиаштабдан билдиришти. Муну менен учурга карата 6 буу казан, 3 турбогенератор жана бардык насостук станциялар иштеп жатат.   Тармактардагы температура 34төн 64 градуска чейин көтөрүлдү.

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.   Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”, “магистралдык түтүктөрдү курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу” жана “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.… Кененирээк…