Бишкекте темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөктүн курулушу башталды

Бишкекте Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин узартып, темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөктүн курулушу башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Курулуш иштерине байланыштуу бүгүнтөн тарта поезддердин кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.   Жаңы өтмөк тыгындарды азайтуу максатында салынууда.

Республикалык деңгээлде мектептердин айланасын жашылдандыруу кампаниясы өтөт

Кыргызстанда республикалык деңгээлде мектептердин айланасын жашылдандыруу кампаниясы өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-апрелде уюштурулат.   Анын алкагында билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады

Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Пилоттук долбоор ордо калаадагы тыгындарды азайтуу, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөйт. Ага ылайык, Чүй, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев көчөлөрү менен Манас проспектиси кесилишкен аймакта, Чүй проспектиси — Тоголок Молдо көчөсүндө… Кененирээк…

Баткенде «Өрүк гүлү» фестивалы өттү

Баткенде «Өрүк гүлү» фестивалы өттү. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Иш-чарада кол өнөрчүлүк, каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана өрүктөн жасалган азыктардын түрлөрү, жыгачтан жасалган буюмдар көрсөтүлдү.   Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы өрүк бактардын жалпы аянты 10 миң гектардан ашат.

«Айыл чарбасын каржылоо — 12» долбоорунун алкагында дээрлик 313 млн сомго насыя берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо — 12» долбоорунун алкагында дээрлик 313 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, кредит өсүмдүк өстүрүү  жана мал чарбачылык категориялары боюнча берилет. Жалпысынан 741 адам насыя алды.

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал №10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгашкан. Бул жерде өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу препараттар 10-15% арзан жана дарылардын кеңири ассортименти бар.

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты.   Аял социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү колдонот, анын миллионго жакын катталуучусу бар.   Алардын көбү анын сырткы келбетине суктанып, чындап эле куурчакка окшошуп калганын жазышууда. Бирок, сүрөттүн астында сын-пикирлер да бар.

Кыргызстанда 1-класска кирип жаткан баладан экзамен алгандар жоопко тартылат

Кыргызстанда 1-класска кирип жаткан баладан экзамен алгандар жоопко тартылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, балдар 1-класска келгенден кийин программа боюнча окуп-жазганды үйрөнүшөт. Окууга кабыл алууда баланын билимин текшергендер жоопкерчиликке тартылат.   Эске салсак, 1-класска электрондук каттоонун 1-этабы 8-апрелде башталат. 2-баскыч… Кененирээк…

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   «Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине, КР президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы… Кененирээк…

Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, жер титирөө болгон жерден 18 чакырым аралыктагы Хуалян шаарында 12 кыргызстандык жашайт. Ал эми Тайвандын өзүндө жалпы 60 кыргыз жараны бар жана алардын көбү студенттер.   Эске салсак,… Кененирээк…