Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев эми өлкөнүн кызыкчылыгын Израилде да коргойт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Израилде өкүл болуу вазийпасы жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Израиль мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун жөнөттү

Жогорку Кеңеш президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөттү. Чечимди 72 депутат колдоп, үчөө каршы болгон. Эскерте кетсек, Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик өкмөт мүчөсүнүн парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы сөзүнөн кийин башталган. Ал «парламенттин чечимдери кеңеш… Кененирээк…

Парижде жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Парижде жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат менен биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бөлүштү. Дипломатиялык өкүлчүлүк жеринде тактоо иштерин улантууда.   Эске салсак, кечээ Парижде имараттардын биринде газ жарылуусу болуп, ири өрт чыккан. 37 адам жабыркаганы айтылды, анын төртөө оор абалда.

Кыргызстанда насыяны мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда

Кыргызстанда насыяны мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда. Улуттук банк «Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты.   Ага ылайык, кредит алган тарап насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда барып жаба алат.   Бул үчүн комиссия, айып… Кененирээк…

Улуу Британияда аукциондо чөгүп кеткен “Титаник” кемесинде аман калган жүргүнчүнүн каты сатылды

Улуу Британияда аукциондо чөгүп кеткен “Титаник” кемесинде аман калган жүргүнчүнүн каты сатылды. Аны 19 миң долларга сатып алышты. Каттын автору лайнерде болгону бир күн болгон.   Өз көзү менен көргөндү ал кыздарына жазган. Алсак, катта “Титаник” башка кеме менен сүзүшкөнгө аз калганын айтып берген. Эгер… Кененирээк…

Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө

Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында эле өлкөгө 15 миң 986 машине алынып келинди.   Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 4,5 эсе көп. Унаа импорту боюнча биринчи орунда АКШ турат, бул өлкөдөн Кыргызстанга жылдын биринчи кварталында 8 миң… Кененирээк…

Бишкекте 30дан ашык үй шартындагы бала бакча ачылды

Бишкекте 30дан ашык үй шартындагы бала бакча ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кыска убакыт аралыгында эле 400дөн ашык адам атайын окуудан өтүп, сертификатка ээ болду.   Дагы 150 киши жеке ишкер катары каттоого алынды. Эске салсак, үйдөгү бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ачылууда. Башкы… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө “Бирдиктүү терезе” форматындагы калкты тейлөө борборлору ачылды

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө “Бирдиктүү терезе” форматындагы калкты тейлөө борборлору ачылды.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   “Бирдиктүү терезе” аркылуу соттолгонун же соттолбогонун тастыктаган маалымкат же кооптуу жүктү ташууга уруксат кагазын алса болот. Анан тышкары, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жарылуучу заттарды, пиротехниканы… Кененирээк…

Кыргызстанда жол долбоорлорун ишке ашырууга быйыл 6 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда жол долбоорлорун ишке ашырууга быйыл 6 миллиард сом бөлүндү.   Бул каражатка 855 чакырым жол куруу пландалууда. Анын 578 чакырымына асфальт төшөлсө, 178 чакырымы атайын катмар менен жабылат, ал эми 90 чакырымга шагыл төгүлөт.   Андан тышкары, министрлер кабинети Унаа жана жолдор министрлигине 84… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды өлкө ичинде жана чет жакта ишке орноштуруу фонду түзүлүүдө

  Эмгек, социалдык жактан коргоо жана миграция министрлиги квалификацияны жогорулатуу жана сертификациялоо боюнча ведомстволук фонд ачууну сунуштап жатат. Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга чыкты. Фонд кыргызстандыктарды азыр өтө керектүү болуп жаткан кесиптерге даярдап, кайра окутуп, уникалдуу ыкмалар менен адистердин тажрыйбасын баалап, алардын квалификациясын аныктамакчы. Ошондой… Кененирээк…