Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы ачылды

Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы ачылды.   “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Түркиянын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми августтан тарта каттам күн сайын аткарылып баштайт.

Бүгүнтөн баштап Бишкекке чыныгы жай келди

Бүгүнтөн баштап Бишкекке чыныгы жай келди. Синоптиктердин маалыматына караганда, 3-июндан тарта термометрлер күндүз плюс 30 градус, түнкүсүн 20 градустан жогору көтөрүлөт.   Дем алыш күндөрү шаар аздыр-көптүр ыңгайлуу болуп, дүйшөмбүдөн тарта күн кескин ысыйт. Ал эми бейшемби, 8-июнь күнү метеорологдор кургак шамал болуп, шаарда 38…39… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштады

Бүгүнтөн тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, транспорт мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичирайонуна чейин жүрөт.   Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан жыл башынан тарта №7 троллейбус Ак-Өргөгө каттабай калган.