Кыргызстандын 6 шаарында балдар үчүн футбол борборлору ачылат

Кыргызстандын 6 шаарында балдар үчүн футбол борборлору ачылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол  бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кеп Талас, Баткен, Кызыл-Кыя, Токмок, Нарын жана Каракол шаарлары тууралуу болуп жатат.   Борборлордун ачылышы кийинки жылга пландалууда.  

Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот

Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот. Курулушка тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 150 окуучуга чакталган имарат Кара-Тарык айылында жайгашат.   Объекттин курулушуна жалпысынан 137 миллион сом багытталат деп пландалууда.

Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтерди каттоонун жана алуунун тартиби өзгөргөн жок

Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтерди каттоонун жана алуунун тартиби өзгөргөн жок.   Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Визасыз режим менен жүрүү мөөнөтүн эсептөө механизми тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруудан качкан чет элдиктерге гана колдонулат. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары 90 күн… Кененирээк…

Чүй облусунда ири рейддер жүрүүдө

Чүй облусунда ири рейддер жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, “Руль”, “Мас айдоочу”, “Ылдамдык” жана “Коопсуз шаар” аталыштарындагы рейддер 13-ноябрга чейин уланат.   Айдоочуларга жол эрежелерин сактап, авариялык абалдарды жаратпоо сунушталат.

Бишкекте эки мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте эки мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар №1 жана Жал кичи районундагы №2 үй бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгашты. Белгилеп кетсек, мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн бардык аймактарында ачылууда.   Аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү баада сунушталат. Келечекте препараттардын ассортиментин 2 миңге чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы бажы кампасы “Нарын” эркин экономикалык аймагында курулууда

Кыргызстанда алгачкы бажы кампасы “Нарын” эркин экономикалык аймагында курулууда.   Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Бажы кампасы — импорттук товарлар бажы алымдары менен салыктары алынбастан бажы көзөмөлү алдында сакталган жер.   Ведомстводон белгилешкендей, бул кампа Нарын облусуна инвестиция тартуу жана аймакты өнүктүрүү үчүн… Кененирээк…

Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр (15-16 жаш) курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.   Таймаш Астана шаарында өткөн. Спортчу 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайлык мушкерди жеңсе, чейрек финалда түркмөнстандык спортчуну… Кененирээк…

Анталия шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Анталиянын (Түркия) Муратпаша муниципалитетинин аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта улуу жазуучунун ысымы берилген китепкана салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев кабарлады. Бул азем үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Кыргызстандан келген делегация да катышкан. Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган… Кененирээк…

Бала бакчада тамакты өкмөт эсебинен берүү мыйзам долбоору даярдалды

Жогорку Кеңеште Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Нурлан Азыгалиев баштаган депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларды тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Парламенттин сайтына жарыяланган докумементтин негиздемесинде мектепке чейинки мамлекеттик мекемелерде тамак-аш маселесин ата-энелерге жүктөө Конституцияга каршы келери жазылган. «Конституцияга… Кененирээк…

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматына Тимурлан Ажымалиевди дайындады.   Дагы бир жарлыгы менен Ажымалиевди президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотту.   Буга чейинки маданият министринин биринчи орун… Кененирээк…