Бишкекке жаңы мэр дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Эми анын ордуна Айбек Жунушалиев келгени белгилүү болду. Ал баш калааны 2021-жылдан 2022-жылга чейин башкарган.   Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана… Кененирээк…

Ош шаарында жылуулук 10-ноябрга чейин берилет

Ош шаарында жылуулук 10-ноябрга чейин берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге түштүк борбордун мэриясынан билдиришти.   Муниципалитет жылытуу мезгилин баштоо боюнча так чечим жакынкы күндөрү аба ырайынын шарттарына жараша кабыл алынарын белгилейт.   Адаттагыдай эле биринчи кезекте мектеп, бала бакчалар, ооруканалар жана социалдык камсыздоо мекемелери жылуулук алат.… Кененирээк…

Эртеңден тарта автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот

Эртеңден тарта Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан баштап ар бир автобус-троллейбуста картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек. Ал эми картасы барлардын жол киреси азыркыдай эле 11 сомдон айланат.

Баткенде КММАнын окуу-медициналык комплексинин курулушу уланууда

Баткенде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушу уланууда. Капсула ушул жылдын июнь айында салынган.   Окуу-медициналык комплекс көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулат. Мекеме заманбап жабдуулар менен жабдылат.   Мындан тышкары жыйындар залы, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана күндүзгү стационар болот.   Объект… Кененирээк…

Өлкөдөгү үч көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш кайрадан калыбына келди

Өлкөдөгү үч көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш кайрадан калыбына келди.   Чек ара кызматы билдиргендей, “Эркечтам”, “Бордөбө” жана “Карамык” бекеттеринде жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдү өткөрүү бүгүн убактылуу токтотулган. Мунун себеби тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын жаңылоого байланыштуу болгон.

Дүйнөдөгү эң кымбат шоколад Индияда жасалды

Дүйнөдөгү эң кымбат шоколад Индияда жасалды. Трюфель таттууларынын килограммынын баасы 6 миң 221 долларды түзөт.   Аны жасоодо кондитерлер ямайканын кофесин, таити ванилининин какао буурчактарын жана бельгиянын ак шоколадын колдонушкан. Дал ушул сейрек кездешүүчү азыктардын аркасында десерттин баасы аныкталды.   Таттуу дүйнөдөгү эң кымбат деп… Кененирээк…

Соодагерлер ижарага алган жерлери үчүн жарым млрд сомдон ашык акча төлөштү

Кыргызстанда соодагерлер ижарага алган жерлери үчүн жарым миллиард сомдон ашык акча төлөштү. Ушул жылдын тогуз айынын маалыматтарын Улуттук статистикалык комитет берди.   Каражаттын негизги бөлүгү кийим-кече саткандардан түшкөн.   Ошол эле учурда Бишкек базарларынын сатуучулары эң көп акча төлөшөт. Белгилеп кетсек, республика боюнча жалпысынан 346… Кененирээк…

Товарларды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргызстанда товарларды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөштүрүлдү. Экономика министрлиги билдиргендей, эми бул багыттагы арыздар үч жумушчу күндүн ичинде каралат.   Мурда бул мөөнөт жети күн болчу.   Бул документтерди берүү процессин тездетет жана өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.

Пенсиялык төлөмдөрдүн токтогондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Пенсиялык төлөмдөрдүн токтогондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык фонддон билдиришкендей, социалдык тармактарда 1-декабрга чейин Соцфондго пенсия китепчесин жана паспорттун көчүрмөсүн тапшыруу керектиги, болбосо 1-январдан тарта пенсияларды төлөө токтотула тургандыгы жазылган билдирүүлөр тарап жатат.   Мекеме мындай маалыматтар жалган экенин белгилейт. Жарандар расмий булактарга гана… Кененирээк…

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Тыгындарды болтурбоо үчүн мындай чара аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.   Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан башка айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу… Кененирээк…