Курман айтка байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө
Курман айтка байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Коомдук тартипти сактоого 6 миң милиция кызматкери тартылса, 1 миңден ашык инспектор атайын посттордо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Эске салсак, эртең өлкөдө Курман айтка байланыштуу эс алуу жарыяланды.