Оштогу 225-кварталда жаңы социалдык имараттар ачылды

Оштогу 225-кварталда жаңы социалдык имараттар ачылды. Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, анын курамына фельдшердик-акушердик пункт, окуу борбору, мечит жана чарбалык курулуштар кирет.   Долбоорду ишке ашырууга Кувейт кайрымдуулук фонду жана башка уюмдар салым кошкон.   Аталган кварталда жалпы 120 түтүн бар, анда 400гө жакын тургун жашайт.

Кыргызстанда мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн

Кыргызстанда мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди.   Учурда жетекчилер конкурстук негизде беш жылга дайындалат. Бирок министр бул көп убакыт деп эсептейт. Анын пикиринде, жаңы директорлор дайындалгандан кийин эки жылдын ичинде жакшы жыйынтыктарга жетиши керек. Эгер бул… Кененирээк…

Түркияда селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.   Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү кечинде Стамбулдун Арнавуткөй, Башакшехир жана Күчүкчекмеже райондорунда нөшөрлөгөн жаан селге айланган. Анын айынан үйлөрдү жана ишканаларды суу каптап, айрым метро станциялар суу астында калган.   Стамбул… Кененирээк…

Арча-Бешикте үй тибиндеги бала бакча ачылды

Арча-Бешик конушунда үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бала бакча 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтөт. Анда бардык шарттар түзүлгөн.   Белгилеп кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын «Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү… Кененирээк…

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, ордун… Кененирээк…

Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык киши барат

Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык киши барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Тизмеге спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү кирет.   23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтө турган мелдешке 40тан ашуун өлкө… Кененирээк…

Бишкектеги тротуарларды оңдоо иштери 30-сентябрга чейин жыйынтыкталат

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү тротуарларды оңдоо иштери 30-сентябрга чейин жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпысынан шаардын борбордук бөлүгүндөгү 21 көчөнү камтыган аймакта иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда кызамык жугузгандар азайып баратат

Кыргызстанда кызамык жугузгандар азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борборуна таянып билдирди.   Маалыматка ылайык, өлкөдө экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайганы байкалууда. Алсак, ушул жылдын 34-жумасында кызамык оорусунун 39 учуру катталды. Анын ичинде 34ү бала жана бешөө чоң кишилер.  … Кененирээк…

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Бул боюнча пилоттук долбоор башталганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Анын алкагында жаран ар кандай мобилдик тиркемелер же капчыктар аркылуу мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинде бар санариптик документтерди оңой, ыңгайлуу ала алат.   Учурда аталган тиркемеде жалпысынан… Кененирээк…

Мектептерди китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык талап кылынат

Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөт. Жыйынтыгында өлкөдөгү 2 миллион… Кененирээк…