Чүй облусунда Евразия соода-логистикалык комплекси курулат

Чүй облусунда Евразия соода-логистикалык комплекси курулат. Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-кытай инвестициялык холдинги менен келишимге кол койду.   Долбоордун баасы болжол менен 700 миллион долларды түзөт.   Объекттин курамына соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана логистикалык борбор, бажы зоналары, ири жабдуулардын базарлары, ошондой эле… Кененирээк…

Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот

Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда аталган талаанын жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин 850 көчөт отургузулду. Болжолдуу 2-3 гектар жерге… Кененирээк…

Кар көчкү түшөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.   Ведомствонун маалыматына караганда, 9-10-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.

Жыл башынан бери дээрлик 211 миң тонна органикалык продукция өндүрүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери дээрлик 211 миң тонна органикалык продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Анын ичинде кара өрүк, пахта, дары чөптөр, жапайы продукциялар жана фасоль бар.

Сирияда жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди

Сирияда жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, алар “Айкөл-4” гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине жеткирилди.   Эске салсак, буга чейин 22-октябрда 21 аял жана 62 бала алып келинген. Ага чейин 49 аял, 105 бала… Кененирээк…

Бишкекте балаты базары иштей баштады

Бишкектин Октябрь районунда балаты базары иштей баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, базар шаардын Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.   Бул жерден Тянь-Шань карагайын, көк карагай, арча жана башка түрлөрүн арзан баада алууга болот.   Базар эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин иштейт.

Канаданын тургуну укмуштуудай дүйнөлүк рекорд жаратты

Канаданын тургуну укмуштуудай дүйнөлүк рекорд жаратты.   Эркек киши рулду кармабай 130 чакырымга велосипед тепти. Бул үчүн ага беш саат 37 мүнөт талап кылынды.   Канадалыктын айтымында, рекорд койгонго чейин велосипедди эки жолу оңдоого туура келип, аракети ишке ашпай калганга чейин барды.   Ал ошондой… Кененирээк…

Аламүдүн районунда жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан.   Имаратта стандарттарга жооп берген бардык шарттар каралган.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр

“Тазалык” муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр.   Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, калаа көчөлөрүн кардан тазалоого 38 атайын техника чыгат. Анын ичинде 25 машине атайын кар тазалагыч, андан тышкары кум себүүчү жана башка коммуналдык техникалар бар.   Аялдамаларды жана тротуарларды «Тазалыктын» 715 кызматчысы тазалайт. Алар… Кененирээк…

Каракол шаарында 500 орундуу жаңы мектеп куруу пландалууда

Каракол шаарында 500 орундуу жаңы мектеп куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы жарыялады.   Курулуштун сметалык баасы 200 млн сомдон ашат.