Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 күн газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө 20 күнгө чукул убакыт газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасы кабарлады. Убактылуу өчүрүү Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жаңы газ кууруна туташтыруу иштерине байланыштуу экени айтылды.   «Фрунзе көчөсүндөгү иштер борбор калаанын газ бөлүштүрүүчү инфраструктурасын жаңылоо боюнча… Кененирээк…

Балбан Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Улан Муратбек уулу жеңүүчү болсо, Жеңиш Жумабеков менен Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Нурзат Нуртаева коло байгеге болушту. Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү. Грек-рим… Кененирээк…

Бүгүн кечинде №5 жана №7 троллейбустук каттамдар линияга чыкпайт

Бүгүн, 17-июнда саат 18:00дөн баштап №5 жана №7 троллейбустук каттамдар убактылуу иштебейт. Муниципалитеттен билирдиришкендей, троллейбустар бул күнү жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” марафонуна байланыштуу токтотулат. Катышуучулар кечки саат алтыда Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен чуркашат. Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Баткендеги үйлөрдүн сапаты текшерилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.   Бул аймакта 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 316 үй талкаланган. Учурда 315 үйдүн курулушу аяктады. Маалыматка караганда,… Кененирээк…

Кыргызстан Иран курамасына ири эсеп менен утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы борбор азиялык CAFA турниринде Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды. Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө киргизди. Беттешке президент Садыр Жапаров да келгендиги маалымдалды. Эми кыргыз футболчулары үчүнчү… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бүгүн Бишкекте жарым марафонго карата айрым көчөлөр убактылуу жабылат.   Мэрия маалыматына ылайык, Бишкекте жыл сайынкы түнкү чуркоо өтөт. Иш-чара кечки саат 7де башталып, түн жарымга чейин созулат.   Буга байланыштуу кечки саат 8ден түнкү 12ге чейин Валиханов көчөсүнүн Анкара – Чүй бөлүгү, Чүй проспектисинин… Кененирээк…