Эртең Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт

Эртең, 10-июнда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтөт.   Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.   Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы республиканын бардык жарандарын айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй… Кененирээк…

«Бишкекжылуулуктармактары» 6 атайын техника сатып алды

«Бишкекжылуулуктармактары» ишканасына 6 бирдик атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иштерди оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында төмөнкү техникалар сатылып алынды:   бир жүктөөчү-экскаватор; эки технологиялык жүк ташуучу фургон; 3 ширетүүчү агрегат. «Жаңы унаалар өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтат жана натыйжалуу жана… Кененирээк…

Вин Дизель “Форсаж” тасмасынын 11-бөлүгү тууралуу анонстоду

Вин Дизель “Форсаж” тасмасынын 11-бөлүгү тууралуу анонстоду. Актердун айтымында, кинонун премьерасы 2025-жылдын 4-апрелинде болот. Тасма 10-бөлүктүн уландысы болуп, Доминик Торетто кайрадан Данте Рейеске каршы күч сынайт.   Эске салсак, “Форсаж 10” 19-майда чоң экрандарга чыкты. Учурга карата ал 617 миллион доллар чогултту.

Жарык техникалык оңдоолордон улам өчүрүлүүдө

Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясын атайылап убактылуу өчүрүү жок, техникалык оңдоорлордон улам өчүрүүлөр катталууда. Бул тууралуу «Улуттук электр түйүнү» ишканасынын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева «Азаттыкка» билдирди.   Анын айтымында, жыл сайын март айынан баштап күзгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Өчүрүүлөр суу… Кененирээк…

Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубунун оюнчусу катары расмий тартууланды

Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубунун оюнчусу катары расмий тартууланды. Клубдун стадионунда тааныштыруу боюнча салтанаттуу азем кечээ өттү.   Жылдыздуу оюнчуну тосуп алууга 62 миңден ашык футбол күйөрманы келди. Бензема бул клубда ойногону үчүн жылына 200 миллион евродон алат, келишим  2026-жылга чейин эсептелген. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл 6 миң бюджеттик орун бөлүнөт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында быйыл 6 миң бюджеттик орун бөлүнөт.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Университеттерге кабыл алуу кампаниясы болжол менен 10-июлда старт алат. Так датасы кийинчирээк жарыяланат, — дешти ведомстводон.

Ордо калаада 5,5 миң керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Ордо калаада 5,5 миң керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. Электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, бересеси бар абоненттерди аралыктан өчүрүү 12-июнда жүргүзүлөт.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга электр энергиясы үчүн карыздарын тез арада төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар, электрондук капчыктар, банк кассалары жана “Кыргызч почтасы”… Кененирээк…

Бишкекте курулуш материалдарын сактоочу жайда чыккан ири өрттүн себебин атайын экспертиза аныктайт

Бишкекте курулуш материалдарын сактоочу жайда чыккан ири өрттүн себебин атайын экспертиза аныктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, бүгүн түндө Кулатов-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде 4 миң чарчы метр аймакта жайгашкан сактоочу жайлар күйүп кетти. Тилсиз жоо тууралуу билдирүү түнкү саат 1 жарымда түшкөн.… Кененирээк…

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында иштер уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында иштер уланууда.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, куруучулар мамыларды орнотуу үчүн даярдык көрүп, фундамент тургузуу иштерин аткарып бүттү.   Учурда мамыларды монтаждоо жана линияларды тартуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Эске салсак,  CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан жана Тажикстандан электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.… Кененирээк…

WhatsApp өзүнүн каналдарын түзөт

WhatsApp өзүнүн каналдарын түзөт.   Жаңы функция “актуалдуу” деп аталган бөлүктө пайда болот. Администраторлор бул жерде контент жүктөйт, ал эми катталуучулар – аны жөн гана  көрө алышат.   Каналга катталуу үчүн автордон чакыруу керектелет. Учурда опциянын үстүндө адистер иштеп жатат, ал жакынкы арада жеткиликтүү болот.