Ошто кызыл мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар бузулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Жумуштардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жол боюнда жайгашкан жана жолго чейин чыгып кетекен жеке турак үйлөрдүн 10го жакын мыйзамсыз тосмолору, чарбалык курулуштары сүрдүрүлдү.   Бул… Кененирээк…

Кытайда кылмышкер үй тоноо учурунда уктап калган

Кытайда кылмышкер үй тоноо учурунда уктап калган. ЖМКлар каракчы турак жайга кирип келгенде адамдардын сүйлөшүп жатканын угуп, коркуп кеткенин жазышууда.   Мындан улам, ал олжосун алгыча башка бөлмөдө күтүп турууну чечкен. Бирок кытайлык уктап кетип, планын ишке ашыра албай калды.   Үйдүн ээси коңуруктун катуу… Кененирээк…

Шаар бийлиги коомдук транспорттун каттамдарын кайра карап чыгууну көздөөдө

Шаар бийлиги коомдук транспорттун каттамдарын толугу менен кайра карап чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, Бишкекте параллелдүү линиялар көп, бирок кээде бир жерге бир нече автобус токтоп алат.   Чиновник ошондой эле жаңы автобустар магистралдык, асфальт жолдорго ылайыкталганын, мындай каттамдардын санын… Кененирээк…

Кыргызстанда абактагы 600дөй адам мунапыс менен бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда абактагы 600дөй адам мунапыс менен бошотулушу мүмкүн. Парламент тиешелүү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.   Демилгечилердин айтымында, кеп майыптыгы бар камактагылар, 65 жаштан жогоркулар, жалгыз бой энелер жана биринчи жолу мыйзам бузгандар тууралуу болууда.   Бирок мыйзам долбоору балдарга карата зомбулукка байланыштуу кылмыштарга тиешеси… Кененирээк…

Сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Соңку маалыматка ылайык, республика боюнча илдеттин 4 миң 665 учуру катталды. Алардын 64,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар.   Өлкөдө эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда.

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда.   Тиешелүү мыйзам долбоорун Унаа жана жолдор министрлиги коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт.   Бирок «Тез жардам» унаасы, коомдук, ички-тышкы коопсуздукту камсыздоочу органдарга тиешелүү атайын автоунаалар, Энергетика… Кененирээк…

Баткен районундагы Капчыгай айылында эки кабаттуу бала бакча ачылды

Баткен районундагы Капчыгай айылында эки кабаттуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект мамлекет тарабынан каржыланды.   Бала бакчада бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Сосновка жана Арал постторундагы чектөө алынды

Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында… Кененирээк…

“Уэнсдей” сериалынын экинчи сезонуна актёр Джонни Депп катышуусу мүмкүн

“Уэнсдей” сериалынын экинчи сезонуна актёр Джонни Депп катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу сценарист жана режиссёр Тим Бёртонго жакын булактар ​​билдирди.   Азырынча расмий ырастоо жок, бирок сериалдын күйөрмандары маалыматка ишенишүүдө.   Белгилеп кетсек, Джонни Депп буга чейин Бёртон менен көп жолу иштешкен.

Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагындагы иштерге токтолду.   Санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болот, — деди Жапаров.