Бишкекте Үсөнбаев көчөсүн калыбына келтирүү иштери башталды

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүн калыбына келтирүү иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар анын Токтогул көчөсүнөн Сыдыковго чейинки тилкесинде жүрүүдө.   Абдрахманов көчөсүнө чейин бара турган жаңы жолдун узундугу 280 метрди түзөт. Ошондой эле тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.

Оштун автобекети мэриянын карамагына өттү

Оштун автобекети мэриянын карамагына өттү. Муниципалитет маалыматына ылайык, объекттин аймагында асфальт төшөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.   Жумуштар сентябрга чейин аякташы керек. Тиешелүү органдарга жүргүнчүлөр менен айдоочуларга бардык шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар дагы берилди. Кошумчалап кетсек, буга чейин Оштун автобекети Унаа жана жолдор… Кененирээк…

Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүү шарттарын жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет

Россия Кыргызстан мектептеринде ысык тамак берүү шарттарын жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүп берет.   Россиялык элчиликтен эске салышкандай, долбоордун алкагында биздин өлкөгө буга чейин 22 миллион доллар берилген болчу.   Бул каражатка республикада 200 миң окуучу ысык тамак менен камсыздалган. 850 мектепте ашкана ремонттолуп, керектүү… Кененирээк…

Көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ошто өтөт

Быйыл өлкө эгемендигин утурлай өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ош облусунда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди. Ага канча команда катышары Ысык-Көлдө өтчү клубдар аралык Дүйнө кубогунан кийин белгилүү болот. Бул мелдеш 13-августта башталып, 20-августта аяктайт. «Андан… Кененирээк…

Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

«Ташкент – Бишкек – Ташкент» багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен “Uzbekistan Airways” АК башкармалыгынын ьөрагасы Ш. Худайкуловдун жолугушуусунда айтылды. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагынын учурдагы актуалдуу маселелерин жана… Кененирээк…

«Саймалуу-Таш» петроглифин ЮНЕСКОго киргизүү аракети көрүлүүдө

1-3-августта Тогуз-Торо районунда «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркында «Саймалуу-Таш» петроглифин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында илимий конференция өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, илимий иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Маданият, маалымат спорт… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер пайда болот

Бишкекте жаңы сквер пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, эс алуу аймагы Байтик Баатыр – Саманчин көчөлөр кесилишинде орун алат. Учурда бул жерде бордюрлар орнотулуп, тротуар салынууда.   Андан кийин ирригациялык тармак өткөрүлүп, отургучтар жана таштанды челектери орнотулат. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалып… Кененирээк…

Жол инспекторлору эс алуу күндөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

Жол инспекторлору эс алуу күндөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ишемби, жекшемби күндөрү транспорттун саны кескин көбөйөт, өзгөчө Бишкектен Ысык-Көлгө бет алган.   Андыктан, бул күндөрү инспекторлор коомдук транспорт жана жеке унаалар арасында рейд жүргүзүп, трассаларга кошумча посттор… Кененирээк…

Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу боюнча долбоордун алкагында иштер  жанданды

Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу боюнча долбоордун алкагында иштер  жанданды.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объектти куруу боюнча план 35 жыл мурда иштелип чыккан, бирок ошондон бери башталган эмес.   Учурга карата бийлик инвесторлорду тартуу аракетин көрүп жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, ушул айда Акылбек Жапаров Кытайга барат,… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда

Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда. Өлкө премьер-министринин тийиштүү токтомунун долбоору жарыяланды.   Учурда Кыргызстандын жарандары Казакстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алат. Жаңы документ күчүнө кирсе мөөнөт 90 күнгө чейин узарат. Мындай өзгөртүүлөр эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө жана кыргызстандыктардын… Кененирээк…