Баткенде маданий-тарыхый музей пайдаланууга берилди

40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган. Аймактагы… Кененирээк…

2-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

2-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. «Өчүрүлчү аймак — Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен жерлер. Мындан тышкары, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында да таза суу саат 9:00дөн 19:00гө чейин жок болмокчу», — деп… Кененирээк…

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте 11-16-апрель күндөрү “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтөт.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстандын улуттук курама командалары дагы катышат.

Бишкекте 3 миң орундуу боз үй түрүндөгү концерттик зал пайда болот

Бишкекте “Манас” улуттук театрынын аймагында 3 миң орундуу боз үй түрүндөгү чоң концерттик зал пайда болот. Бул тууралуу театрдын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.   Ал белгилегендей, ошондой эле театрдын аймагында Манас баатырдын жана анын жубайы Каныкейдин эстелиги да пайда болот.

Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт

Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт. Мэрия бул максатта тендер жарыялады. Ага ылайык, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Абдрахманов, Горький жана Юнусалиев көчөлөрү ремонттолот.   Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрөлөр салынат. Дагы бир көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң… Кененирээк…

Балыкчы шаарындагы катуу шамалдын кесепети такталып жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-мартка караган түнү, саат 01.50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал болгонун билдирди. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жетти. Учурда катуу шамалдын кесепет-зыяны такталып жатат.   “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунда цемент заводу, унаа чогултуучу кыргыз-өзбек заводу, карапа такча чыгаруучу, тамеки продукциясын чыгаруучу заводдор жана башка ишканалардын ачылышы пландалууда.   Премьер белгилегендей, объектилер Кара-Кыргыз… Кененирээк…

Бишкекте катуу шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 3 күн күчүндө болот

Бишкекте катуу шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 3 күн күчүндө болот.   Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, учурда жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.   Ошондой эле калыбына келтирүү жана санитардык тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, кечээ Бишкек жана Чүй облусунда катуу… Кененирээк…

1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот

1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.   Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинен алуу жеткиликтүү болот. Билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан поезд жөнөгөнгө чейин жана поезддин ичинде… Кененирээк…

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту. Алар чек ара маселелерин талкуулаганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты. Азырынча өкмөт жолугушуу жөнүндө кенен маалымат бере элек.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана… Кененирээк…