Дубайда көңүл ачуу үчүн жасалган жеке учак пайда болду

Дубайда көңүл ачуу үчүн жасалган жеке учак пайда болду. Бортто күчтүү үн системасы бар бий аянтчасы, ашкана, кинотеатр жана уктоочу бөлмө бар.   Самолет 16 жүргүнчүнү батыра алат жана анда учуу 12 саатка чейин созулат. Асмандагы бир сааттын баасы 12,5 миң долларды түзөт.   Идеянын… Кененирээк…

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган система ишке кирди

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган система ишке кирди. Ички иштер министрлиги билдиргендей, ал КМШ өлкөлөрүндө издөөдө жүргөндөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.   Алсак, 10 күндүн ичинде камералардын жардамы менен 57 адам табылып, милицияга жеткирилген. Алардын көбү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн аймагында ар кандай кылмыштары үчүн… Кененирээк…

Жалал-Абад шаардык мэриясы 100 млн сомго электробус сатып алат

Жалал-Абад шаарынын мэриясы электробус сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жеткиликтүү.   Муниципалитет 100 миллион сомго электр менен жүрүүчү 10 автобус жана 60 кВт электр автобусу үчүн үч кубаттагыч сатып алууну пландоодо.

Баткендин айрым айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Баткен районунун эки айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга бул аймакта кечээ жааган жаандан кийинки жагдай себеп болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   12-июнда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган. Анын кесепетинен Баткен жана Кадамжай райондорунун бир катар… Кененирээк…

Кыргызстанда “Рулда” аталышындагы рейд жүрүүдө

Кыргызстанда “Рулда” аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.   Маалыматка ылайык, иш-чара 19-июнга чейин уланат. Анын алкагында айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, ылдамдыкты ашыра айдагандарга жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чара көрүлөт.

Нью-Йорктогу аукциондо салмагы 55 карат болгон рубин сатылды

Нью-Йорктогу аукциондо салмагы 55 карат болгон рубин сатылды. Ал эң чоң жана эң баалуу асыл таш болуп калды.   Рубинди канадалык компания Мозамбиктеги шахталардын биринде таап алгандан бир жыл өткөндөн кийин талкаланган. Таш сатып алуучу 35 миллион долларга жакын чыгым тартты.

Бүгүн Бишкекте Иран менен Афганистандын футболдук клубдары беттешет

Бүгүн Бишкекте Иран менен Афганистандын футболдук клубдарынын беттеши өтөт. Оюн Борбордук Азиядагы биринчи турнир — CAFA Nations Cup тайпалык этабынын алкагында болот.   Командалар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жолугушат. Башталышы кечки саат 8.   Эске салсак, Кыргызстан, Иран жана Афганистан курама командалары В тайпасында. Алгачкы… Кененирээк…

ЕӨБ Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгууга каражат берүүнү көздөөдө

Евразия өнүктүрүү банкы Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгууга каражат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу ордо калааны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди.   Анын айтымында, азыркы план 2025-жылга чейин иштелип чыккан. Бирок донор канча акча бере турганы азырынча белгисиз.

Он үч жылдын ичинде Кыргызстандын калкы бир жарым млн адамга көбөйдү

Он үч жылдын ичинде Кыргызстандын калкы бир жарым миллион адамга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин аппарат жетекчиси Элмира Алымкулова билдирди.   Анын айтымында, былтыркы эл каттоо республикада дээрлик 7 миллион адам жашаганын көрсөткөн. Алардын көбү, тактап айтканда калктын 65 пайызы айыл жеринде отурукташкан.

Японияда суу үстүндө шаар курулат. Учурда адистер долбоорду иштеп чыгууда

Японияда суу үстүндө шаар курулат. Учурда адистер долбоорду иштеп чыгууда.   Сүзүп жүрүүчү шаар жашоо үчүн 2030-жылга карата жеткиликтүү болуп калат.  Dogen City аталышындагы калаа деңиздеги суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө, климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берип, 40 миң адамды суу жана электр энергиясы менен өз алдынча камсыз кыла… Кененирээк…