Бишкектин чыгыш тарабында 30-май күнү суу өчөт

Бишкектин чыгышында 30-май күнү эртең мененки саат 09:00дөн 20:00гө чейин суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди. Бул күнү суу кампада оңдоо иштери аткарылат. Суу өчө турган аймактар: Садовой көчөсү, Чүй проспектиси, Валиханов көчөсү жана темир жол линиясы менен чектеш аймактарда; 7-апрель, Ауэзов, Исакеев, Валиханов… Кененирээк…

Бишкектин шахмат аллеясы курулат

Бишкектин шахмат аллеясы курулат. Мэриядан билдиришкендей, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аймак интеллектуалдык оюндар үчүн маданий аянтча болот.   Аны балдар аянтчасынын ордуна куруу пландалууда. Ал эми балдар аянтчасы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги коопсуз жайга көчүрүлөт.   Мындай чечим ал унаа… Кененирээк…

Бишкекте бассейндер текшерилди

Бишкекте бассейндер текшерилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, курамына Ленин райондук акимчилигинин, Муниципалдык аймактык башкармалыктын, райондук милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кирген комиссия «Дельфин», «Фламинго», «Парус», «Деңиз», «Максимум», «Ак-Кеме» бассейндерин текшерди. Текшерүү учурунда «Дельфин», «Палус», «Дениз» бассейндеринин куткаруучуларында документтери, тактап айтканда, суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген… Кененирээк…

Бишкектин иш менен камсыз кылуу башкармалыгы жумушсуз жарандарды акысыз курстарга чакырат

Бишкектин иш менен камсыз кылуу башкармалыгы жумушсуз жарандарды акысыз курстарга чакырат. Каалоочулар 60 адистик боюнча окутулат.   Учурда актуалдуу болгон IT-технологиясы, тигүү тармагы, чач тарач өнөрү, тил курстары, бухгалтердик эсеп жана айдоочулук багыттар дагы бар.   Окутуу учурунда стипендия дагы каралат. Кененирээк маалыматты башкармалыкка кайрылып… Кененирээк…

Ленин округунда депутатты шайлоо алдында БШК электрондук төлөмдөрдү көзөмөлдөп жатат

Ленин округунда депутатты шайлоо алдынд БШК электрондук төлөмдөрдү көзөмөлдөп жатат. Комиссиядан билдиришкендей, бул добуштарды сатып алуу максатында  “көмүскө” каражатты колдонууну жокко чыгаруу үчүн жасалууда.   Иштер Улуттук банк, уюлдук байланыш операторлору, Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана башка тиешелүү органдар  менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Добуш сатып… Кененирээк…

29-майда асманда уникалдуу көрүнүш байкалат

29-майда асманда уникалдуу көрүнүш байкалат. Күн системасындагы 5 планета – Сатурн, Нептун, Юпитер, Меркурий жана Уран – бири бирине жакын жайгашат.   Бул космостук көрүнүш “планеталардын түздөлүшү” же “планеталардын парады” деп аталат. Бул кубулуш адамдарга таңга маал жакшы көрүнөт. Ал эми Нептунду даана көрүү үчүн… Кененирээк…

Төө-Ашууда кар жаап жатат

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бишкек – Ош трассасы аркылуу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөр менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.   Ошондой эле бул багытта жолго чыккандар аварияларды алдын алуу максатында эрежелерди так сактап, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты карманышы керек.

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө 500 миллион сом багытталат

Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө  500 миллион сом багытталат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдиргендей, долбоор 5 жылга эсептелип, каражат республикалык бюджеттен этабы менен алынат.   Ошондой эле эл аралык донорлордун колдоосу күтүлөт.   Өлкөдөгү 2,5 миңге чукул объектилерди изилдеп, калыбына… Кененирээк…

Мамлекетке болгон карызы үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жарандарга аэропорттон эле төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Мамлекетке болгон карызы үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жарандарга аэропорттон эле төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте билдирди.   Анын айтымында, атайын автоматташтырылган программа иштелип чыкты.   Карызды аба майдандагы терминал аркылуу эле төлөп, маселе ашып кетсе 20… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттайт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, Россиядагы дүңүнөн кое берилген мунай баасы көтөрүлдү. Бул биздин өлкөдөгү бензин жана дизелдик отундун наркына түздөн түз таасирин тийгизет.   Учурда Кыргызстанда эски запастар менен бааларды… Кененирээк…