Стамбул аэропортунда корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандырууга ит-терапевттер жумушка алынды

Стамбул аэропортунда корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандырууга ит-терапевттер жумушка алынды. Жаңы кызматкерлер тиешелүү сертификаттарга ээ жана кесиптик окуудан өткөн.   Иттер  бир нече ай бою адистер тарабынан даярдалды. Алар учуудан корккон жүргүнчүлөр менен иштеп, кызматтык кийим кийип, бейжик тагынышат. Ошондой эле иттердин иштөө графиги бар.

Кыргызстанда быйыл 2 миң 700 жеке турак-жай жана батир колдонууга берилди

Кыргызстанда быйыл 2 миң 700 жеке турак-жай жана батир колдонууга берилди. Январдан март айына чейинки маалыматты Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев тартуулады.   Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 54 пайызга өстү. Объектилердин жалпы аймагы 317 миң чарчы метрди түзөт.

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон алат

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон алат.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, социалдык паспорту бар же “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек,… Кененирээк…

Түрк бийлиги мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда, 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кылат.   Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасында дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Соңку айларда түрк полициясы… Кененирээк…

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө веложол үч түскө боёлду

Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгындагы веложол сырдалды. Муниципалитеттен билдиришкендей, сырдоо иштери пилоттук режимде жүргүзүлүп, веложол үч түскө боёлду. Ар бир төшөлмөнүн техникалык көрсөткүчтөрү ар башка жана бааларынан да айырмаланат; -кварц кум менен аралаштырылган жашыл полимер боёгу; -үстүнкү катмары керамика гранулдары менен сары полиуретан суюк… Кененирээк…

Мүлк салыгы боюнча 113 миңден ашык маалыматтык эсеп тапшырылды

9-апрелге карата учурдагы салык мезгили үчүн турак жана турак эмес жай имараттарга, курулуштарга, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге салык боюнча салык органына маалыматтык эсептерди берген салык төлөөчүлөрдүн саны 113 миң 428 адамды түздү.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 19… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери эки мектеп жана эки оорукана пайдаланууга берилди

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев бүгүн Бишкекте өткөн брифингде 2024-жылы канча социалдык объект пайдаланууга берилгендиги тууралуу айтып берди.   Анын маалыматына таянсак, жыл башынан бери өлкө боюнча эки жалпы билим берүү мектеби жана 830 орунга ылайыкташкан билим берүү уясынын кошумча имараты колдонууга… Кененирээк…

Кара-Сууда дээрлик 50 млн сомго курулуп жаткан спорт комплекси буздурулууда

Кара-Суу районунун Учар айылында курулушу жүрүп жаткан спорт комплекс буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Мамкурулуш тарабынан аталган объектинин кошумча блогунун сейсмикалык туруктуулугун камсыздаган конструкциялардын монолиттик түркүктөрүн курууда орун алган одоно кемчиликтер аныкталып, учурда бузуу жумуштары жүргүзүлүүдө.  … Кененирээк…

Бишкекте бүгүн күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Мелдеш «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 11-16-апрель аралыгында өтөт. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышары белгилүү болду. Ал эми Кыргызстандан мелдешке Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Таалайбек Ибраевге сөгүш берүү сунушталды

Бишкек жылуулук борборундагы кырсыкты изилдөө үчүн түзүлгөн комиссия бул кырсык боюнча бир катар жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 11-апрелдеги маалымат жыйында комиссиянын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Алар келтирген сунушта энергетика министри Таалайбек Ибраевге сөгүш берүү, министрдин ушул тармакты караган… Кененирээк…