Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши уланууда. ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.   Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Садыр… Кененирээк…

Анджелина Джоли Брэд Питт менен ажырашууда 100 миллион доллар өндүрдү

Актриса Анджелина Джоли мурунку күйөөсү Брэд Питт менен ажырашууда, 100 миллион доллар өндүрдү. Бул суммага алимент, балдар үчүн белектер жана шарап заводундагы Джолинин үлүшүн сатуудан түшкөн каражат кирген.   Эске салсак, актриса 2016-жылы күйөөсү менен ажырашууга арыз берген, процесс расмий түрдө 2019-жылы аяктаган.   Азыр… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар 22-апрелден тарта ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.   Мындан тышкары, Чүй облусундагы нотариустар да ишке тартылып, Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бирдиктүү мамлекеттик нотариалдык кеңседе консультация беришет. Ошону менен бирге, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо,… Кененирээк…

Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок

Россиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мекеме аталган аймакта жашаган кыргыз диаспоралары менен байланышып, абалга байкоо салып жатат.   Россиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунда башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен.… Кененирээк…

Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Казакстан Республикасына учуп кетти. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына катышат.   Ошондой эле Кыргызстан… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет. Жогорку Кеңеш былтыр декабрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.   Долбоор өкмөттүн абанын сапатын жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, турак жайларды экологиялык жактан таза жылытуу… Кененирээк…

“Мурас” турак жай комплексинин биринчи этабы ушул жылдын аягында жыйынтыкталат

Бишкектеги №47 колониянын ордунда курулуп жаткан “Мурас” турак жай комплексинин биринчи этабы ушул жылдын аягында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, алгач 5-6 кабаттан турган 1 миңге жакын батирдин курулушу бүтөт.   Жалпысынан курулуш жүрүп жаткан жерде көп кабаттуу 39… Кененирээк…

Тогуз-Тородо майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат. Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда курулуш долбоору даярдалып, жер бөлүндү.   Курулушту июнь айында баштап, объектти жыл аягында пайдаланууга берүү пландалууда.   Белгилеп кетсек, Тогуз-Тородо майыптыгы бар 1,5 миңдей жаран жашайт.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин уланат. Бул учурда жол жарым-жартылай жабылып турат. Мындан улам, айдоочулар сапарга чыгарда маршрутту алдын ала… Кененирээк…

Улуу Британияда айрымдардын тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам жактырылды

Улуу Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөрдүн тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды. Демилгенин максаты — тамеки чегүүдөн көз карандысыз муунду тарбиялоо.   Бийлик 2027-жылга чейин тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн курактык чектөө киргизүүнү каалайт. Үч жылдан кийин 2009-жылы жана андан кийин төрөлгөндөр эч качан… Кененирээк…