Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 2,5 млн. сом айып салды

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган 206 фактыны аныктады. Рейд 1-апрелден 5-апрелге чейин жүргүзүлүп, эреже бузгандарга жалпы 2 миллион 447 миң 500 сом айып салынган. Мэрия бул боюнча тартип орнотуу иштери уланып жатканын белгиледи. «Көпчүлүк учурда жеке жана юридикалык жактар унааларды туура эмес… Кененирээк…

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 кол медалга ээ болгон. Байгелүү орундарга ээ болгондор: Тайырбек Жумашбек уулу… Кененирээк…

Ордо калаада эртең Фучик көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет

  Ордо калаада эртең Фучик көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет.   Мэриянын маалыматына ылайык, 14-апрелде жазгы чуркоо марафону өткөнүнө байлаынштуу, эртең мененки саат 8ден түшкү 12ге чейин Фучик көчөсүнүн Аска-Таш стелласынан “Манас” аэропорту көздөй тарабы тосулат.   Бул учурда айдоочуларга бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Жалал-Абадда жаңы облустук клиникалык оорукана ачылды

Жалал-Абадда жаңы облустук клиникалык оорукана ачылды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен өткөң жылы башталган.   3 кабаттуу имарат 100 бейтапка ылайыкталган. Анда терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү жайгашат.

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчиликке жардам сурап кайрылгандар болгон жок.   Алдын ала маалымат боюнча, суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар каттала элек.   Эске салсак, 12-апрелде Урал дарыясында суунун деңгээли 11,5 метрге чейин көтөрүлгөн. 12… Кененирээк…

Быйыл жазгы талаа иштери 10-15 күнгө кеч башталды

Быйыл Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары жылдагыдан 10-15 күнгө кеч башталды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 614 миң гектар жерди айдоо пландалса, бүгүнкү күндө анын 35 пайызы айдалды. Түштүк аймактарда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү 95 пайыз аткарылды. Ал эми Талас, Чүй облустарында себүү… Кененирээк…

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон. Финалдык беттешке чейин Тайырбек эки беттеш… Кененирээк…