Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт

Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт.   1.Кыргызстандын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;… Кененирээк…

Кезектеги мамлекеттик дарыкана Кара-Көл шаарында ачылды

Кезектеги мамлекеттик дарыкана Кара-Көл шаарында ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Эл аман” дарыканасында медициналык препараттардын 1 миңден ашык түрү жеткиликтүү.   Аларды тургундар жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып алса болот.   Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 59га жетти.… Кененирээк…

Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мекемесинин адистери кармалды

Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында автотранспорт каражаттарын… Кененирээк…

Бишкек жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.   Бишкек ЖЭБнен билдиришкендей, акыркы күнгө карата орточо электр энергиясы 390 МВт, жылуулук энергиясы 11 648 Гкал түздү. Жалпысынан ЖЭБде 5 отказан агрегаты жана 7 кайчылаш бараагрегаты жана №3, №4 2 энергоблок орнотулган.   «Быйылкы күз-кыш… Кененирээк…

Neuralink компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Neuralink компаниясы адамдын мээсине чип орнотту. Анын негиздөөчүсү Илон Маск билдиргендей, операция 28-январда жасалган. “Телепатия” аттуу имплант салынган адам телефонундагы, компьютериндеги оюндарды ою менен эле башкарып коет.   Белгилеп кетсек, буга чейин компания экспериментти жаныбарларга жасап көргөн. 2023-жылы бул тажрыйбаны адамдарга да колдонуп көрүүгө уруксат… Кененирээк…

Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин эс алат

Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин эс алат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Окуучулар мектепке 19-февралдан тарта барып баштайт.   Белгилеп кетсек, Билим берүү министрлигинин буйругу менен биринчи класстын окуучуларына жыл сайын кошумча эс алуу берилет.

Ордо калаада жаңы бала бакча ачылды

Ордо калаада жаңы бала бакча ачылды. Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп, 220 орунга чакталат. Бала бакчада бөбөктөргө бардык шарттар каралып, ал тиешелүү эмеректер жана материалдар менен камсыздалды.   Курулушка каражат президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн.

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен долбоордун экинчи этабы ишке ашырылып баштады.   Анын алкагында Балыкчы шаарынын жана Түп, Ак-Суу райондорунун тургундарына жаңы эсептегичтер орнотулат. Жалпысынан 8 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы сейсмологиялык карта түзүлөт

Кыргызстанда жаңы сейсмологиялык карта түзүлөт. Бул тууралуу  Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.   Анын айтымында, сейсмологиялык аймактар жыл сайын өзгөрүп тургандыктан, Илимдер академиясына каражат бөлүнүп, жаңыдан изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, 23-январга караган түнү… Кененирээк…

Парламенттеги тармактык комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында каралып, депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окууда кабыл алынды. Долбоорго депутаттар Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди.   Жыйында Чойбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин… Кененирээк…