Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин саммити быйыл Кыргызстанда өтөт

Үчүнчү Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында 1-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.   Жолугушууда Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы жалпы маселелери, ТМУ Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле Уюмдун алдыдагы пландары талкууланды.   Тактап айтканда быйыл Кыргызстанда… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, министрлер кабинети Улуттук банктан 7 миллиард 126 миллион сомго сатып алат. Банкка таандык 84,7 миллион даана жөнөкөй энчилүү акциялардын пакети кошо өтөт. Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө… Кененирээк…

Бишкекте бузулган кафелердин ордуна арена курулат

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан Arzu жана Time Out кафелеринин ордуна курула турган чакан аренанын эскизинин долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.   Буга чейин аталган кафелер буздурулуп жаткандыгы белгилүү болгон. «Бул аймакка эч кандай имарат салынбайт. «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилет.… Кененирээк…

Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. Мурдагы жылы орточо пенсия 7 миң 777 сом болгон.   Учурда өлкөдө жалпысынан   769 миң 500 пенсионер бар, бул 2022-жылга салыштырмалуу 26 миң 600… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, долбоордун эскизин аймактык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы даярдады.   Объекттин жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Жаңы автобекет эл аралык нормаларга ылайык курула турганы айтылууда.

Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

5-мартта Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы кабарлады. Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин Эне-Сай, Дордой – 1 жана Дордой – 2 конуштарында өчүрүлөт. «Бул күнү «Эне-Сай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери… Кененирээк…