«Акылман» лицейине 8-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн каттоо жүрүүдө

«Акылман» президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосуна катышуу үчүн 8-класстар 25-майга чейин exam.edu.kg сайтына катталышы керек.   8-класстар үчүн конкурстук тандоо 3 этаптан турат: Биринчи турда 1-6-июнь күндөрү онлайн тестирлөө болот. 2-турда 10-14-июнь күндөрү онлайн тестирлөө. Үчүнчү тур 18-22-июнь күндөрү оффлайн түрдө тестирлөө ар бир облуста өткөрүлөт.… Кененирээк…

Таласта жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын инспектору пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматына Айтматов (мурдагы Кара-Бура) районунун тургуну аны инспекторлор токтотуп, тиешелүү категориясы болбогондугуна байланыштуу 15 000 сом бергенин айтып арыз менен кайрылган. Тергөөдө Айтматов РИИБинин… Кененирээк…

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын  259-261-чакырым аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап, жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты.   Жеринде жол тейлөө кызматкерлери жана атайын техника иштеп, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Кыргызстанда 69 музей бар

Кыргызстанда 69 музей бар.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аларда жалпысынан 335 миң көргөзмө экспонат жайгашкан. Өткөн жылы музейлерге 952 миң адам кирди.   Бул 2022-жылга салыштырмалуу, 17 пайызга көп. Экспонаттар эң көп Бишкек, Ысык-Көл жана Оштун музейлеринде сакталат. Белгилеп кетсек, дүйнө жүзүндө 18-майда… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 3 жаңы көпүрө пайда болот

Бишкекте быйыл 3 жаңы көпүрө пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, алардын бири Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналы аркылуу курулса, экинчиси Аламүдүн дарыясы аркылуу Жибек Жолу проспектисинде салынат.   Үчүнчү көпүрө Шүкүров көчөсүндө Чоң Чүй каналында курулат. Бул долбоор Ахунбаев жана Медеров көчөлөрүн бириктирет.

Кантта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Кантта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Түрк кызматташтык жана координация боюнча агенттиктин линиясы менен жүргүзүлгөн.   Долбоорду ишке ашырууга 115 миң доллар бөлүнгөн. Имаратта дарыгерлердин кабинеттери жана башка зарыл жайлар каралган. Медициналык мекемеде Ысык-Ата районунун тургундары тейленет.

Батыш автобекетинин имаратында калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат

Батыш автобекетинин имаратында калкты тейлөө борборлору жайгаштырылат.   Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштеринен кийин бекеттин аймагына мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борборлору көчүрүлөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин Батыш автобекети Пригородное айылынын тышына чыгарылары айтылган. Учурда… Кененирээк…

Килиан Мбаппе мадриддик “Реалда” бир сезондо 15 миллион евро табат

Килиан Мбаппе мадриддик “Реалда” бир сезондо 15 миллион евро табат.   Белгилеп кетүүчү нерсе, бул сумма анын ПСЖдагы айлыгына салыштырмалуу аз. Андан тышкары, форвард 150 миллион евро өлчөмүндө жазылуу бонусуна ээ болот.   Эске салсак, Мбаппенин ПСЖ менен келишими 30-июнда аяктайт. Ал бул клубда 2017-жылдан… Кененирээк…

Ошто коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү

Ошто коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бул тамак-ашка уулануу учурларын алдын алууга багытталган чара.   Профилдик органдардын кызматкерлери кафе-ресторандарды, тез тамактануу түйүндөрүн жана соода борборлорун текшерүүдө. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, протокол түзүлөт.

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 миллион доллар насыя алат.   Каражатты Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлүп берет. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Каражат аба сапатын көзөмөлдөөчү станциянын курулушуна, химиялык лабораторияны модернизациялоого, божомолдоо ыкмаларын жакшыртууга жана жер тамдардагы жылытуу системасына… Кененирээк…