Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү – электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди кымбаттатат

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү – электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди кымбаттатат. Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

 

Анын айтымында, газдаштыруу экологияга чоң пайда алып келгени менен бааларды көтөрүүгө алып келет. Андыктан, мындай өзгөрүүлөр боюнча ой-пикир чогултуу үчүн шаар тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүлөт.

 

Андан тышкары, Энергетика министрлиги жогорку сапаттуу казакстандык көмүр сатып алып, кара-кече отунун колдонууну кыскартуу ниетинде.