Кемин районунун башкы архитектору дайындалды

Асанкары Ахматов Кемин районунун башкы архитектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүү Мамкурулуш агенттигиндеги кадрдык реформанын алкагында болду.   Жаңы жетекчинин билими жогорку, архитектура тармагында иш тажрыйбасы жетиштүү экени… Кененирээк…

УЕФА Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн

УЕФА быйыл өтүүчү футбол боюнча Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн.   Биримдик оюнчулардын максималдуу санын көбөйтүү боюнча сунушту кароого даяр. Алсак, улуттук командаларда 23төн 26 адамга чейин кеңейтилиши мүмкүн. Акыркы чечим 8-апрелде бардык командалардын катышуусунда өтө турган конгрессте кабыл алынат.   Эске салсак, футбол боюнча… Кененирээк…

Мэрия шаардыктарды жашылдандыруу ишине салым кошууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине салым кошууга жана көчөт отургузууга катышууга чакырат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар көчөттөрдү өз алдынча, ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Профессор Зима көчөсү, 82 дарегиндеги питомниктен сатып алса болот.   Мэриядан белгилешкендей, көчөттөрдү кайсы жерге отургузууну 0312… Кененирээк…

Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң киши тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң салык төлөөчү тапшырды. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, тизмеге юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирди.   Эске салсак, учурда декларация тапшыруунун экинчи этабы жүрүп жатат. Жарандарга отчетторду өз убагында тапшыруу сунушталат.

Аксыда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аксыда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Жалпы билим берүүчү орто мектеп Коргон-Дөбө айылында жайгашат.   Курулуш республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпы сметалык баасы 87 млн сомдон ашат.

Караколдо №11 мектеп-гимназиясынын кошумча имараты ачылды

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын кошумча имаратынын ачылыш аземи болду. Жергиилктүү мэриядан кабарлашкандай, имарат 270 окуучуга ылайыктуу.   Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.   Мектеп имараты башталгыч класстагы окуучуларга ылайыкталып салынган.

Бишкекте велосезондун ачылышы болот

Бишкекте велосезондун ачылышы болот. Мэриядан билдиришкендей, саамалык 7-апрелде Ынтымак паркында эртең мененки саат 10до башталат.   Спорттук иш-чараны мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти коомдук бирикме менен биргеликте уюштурууда.   Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтында жыйынтыкталат.

Ошто дээрлик 1 миң 600 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт

Ош облусунда дээрлик 1 миң 600 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, турак жайлардын баары Өзгөн районунун аймагында жайгашкан. Учурда тургундарга башка жакка көчүү боюнча эскертүү берилди.

ЖЭБ ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкек Жылуулук электр борбору ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Анын айтымында, буга чейин бир катар маалымат каражаттарына тараган кытайлык компания ЖЭБдин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар жумшай турганы боюнча… Кененирээк…

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн. Окумуштуулар мындай тыянакка математикалык моделдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин келишти.   Белгилеп кетсек, аталган мамлекеттеги мыйзам боюнча аял күйөөсүнүн фамилиясын алууга милдеттүү. Ошол эле учурда, Сато фамилиясы өлкөдө кеңири таралган, калктын болжол менен 1,5 пайызы аны алып жүрөт.… Кененирээк…