Депутаттар бала бакчадагы тамак-аш мамлекетке жүктөлө турган мыйзам иштеп чыкты

Жогорку Кеңештин 18 депутаты бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Буга чейин Финансы министрлигинен президенттик аппаратка жөнөтүлгөн кат соцтармакта тараган. Анда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна шилтеме берилип, бала бакчалардагы тамак-аш ата-энелердин эсебинен берилиши керектиги… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-ноябрда Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Астана шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.   Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүштү.  … Кененирээк…

Ош шаарында жылуулук бүгүн берилет

Ош шаарында 4-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт.   Бул тууралуу Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан билдиришти. Мындай чечим 2-ноябрда кабыл алынган.   Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.

Сүлүктүдө маданий борбор курулат

Лейлек районунун Сүлүктү шаарына маданий борбор куруу үчүн конкурс жарыяланды. Бул туурасында маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөлдү.   Курулуш үчүн аталган шаардын мэриясы 51 миллион 756 миң сом сунуштады. Конкурска катышууну каалагандар 27-ноябрга чейин табыштама жөнөтүшү шарт. Маданий жай эки кабаттуу болуп салынары пландалган.… Кененирээк…

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени “Тулпар” картасы менен төлөгөндөр 2,5 айда 20 эсе көбөйдү

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени “Тулпар” картасы менен төлөгөндөр 2,5 айда 20 эсе көбөйдү. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, накталай төлөмдү токтотуу талабы 20-августта коюлган. 19-августта жол кирени “Тулпар” менен төлөгөндөрдөн 10 миң сом түшкөн. 2-ноябрда 205 миң сом болду.  … Кененирээк…