Кыргызстанда өтө маанилүү дары-дармектердин максималдуу баасы белгиленет

Кыргызстанда өтө маанилүү дары-дармектердин максималдуу баасы белгиленет.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, наркты белгилөөдө дары-дармектин башка өлкөлөрдөгү баасы, ташуу, бажы төлөмдөрү жана жыйымдар сыяктуу факторлор эске алынат.   Фармацевтикалык компанияларга бул дарыларды белгиленген чектен жогору сатууга тыюу салынат. Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн дары-дармектерге… Кененирээк…

АКШ Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө даярданууда

АКШ Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө даярданууда. The Washington Post басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Россияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат.   Макалада америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык… Кененирээк…

Баткендин чек арага чектеш аймактарында 15 соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Баткендин чек арага чектеш аймактарында 15 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 10 объект курулуп жатса, бешөөндө оңдоо жумуштары аткарылууда.   Иштерди жылдын аягына чейин бүткөрүү жана пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир объектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы… Кененирээк…

Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунда турат

Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунда турат. Рейтингге ылайык, кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алат.   200дөй мамлекеттин ичиндеги тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз барат. Андан ары Германия, Италия Испания, Жапония, Түштүк Корея турат.   Рейтингдин акыркы сабында Афганистан, Ирак, Сирия… Кененирээк…

Кыргызстан 1 млрд киловатт-сааттан көп электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан 1 миллиард киловатт-сааттан көп электр энергиясын импорттоду. Ушул жылдын январынан май айына чейинки маалыматтар менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү. Көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик беш пайызга азайган.   Сатып алынган электр энергиясынын баасы 40 миллион доллардан ашты.   Жарыктын басымдуу бөлүгү Түркмөнстан… Кененирээк…

Кыргызстан 10 гемодиализ аппаратын сатып алды

Кыргызстан 10 гемодиализ аппаратын сатып алды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга 16 миллион 550 миң сомдон ашык сарпталды. Маалыматка ылайык, аппараттардын чыгымы толугу менен Садыр Жапаровдун фондунан төлөнгөн.   Белгиленгендей, төрт аппарат Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында орнотулду. Дагы төртөө Эне жана баланы коргоо… Кененирээк…

Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлер 13-августка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек

Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлер 13-августка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек. БШКдан билдиришкендей, 100 миң сом төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтпөгөндөр каттоодон өтө албайт.   Эске салсак, парламент депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.   Учурда депутат болуу ниетин 7 адам билдирди. Алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Бишкек—Балыкчы багыты боюнча VIP вагондорго билеттер сатыла баштады

Бишкек—Балыкчы багыты боюнча VIP вагондорго билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Поезд ушул жума, 21-июлдан тарта каттамга чыгат. Билеттин баасы чоңдор үчүн 800 сом, балдар үчүн 400 сомду түзөт.   Вагондор ыңгайлуу дивандар, чоң терезелер, кондиционер, телевизор жана WI-fi менен жабдылган.… Кененирээк…

Кытай элчилиги үй тибиндеги 10 бала бакча ачууга жардамдашат

Кытай элчилиги Кыргызстанда үй тибиндеги 10 бала бакча ачууга жардамдашат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдиргендей, ушундай эле дагы 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылат.   Белгиленгендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында алдыдагы бир айда пайда… Кененирээк…

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 20-июлдан 22-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Мунун себеби туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу. Жарандарга сак болуу сунушталат.