Таласта жаңы мектеп колдонууга берилди
Таласта жаңы мектеп колдонууга берилди. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси Көк-Токой айылында жайгашып, 275 окуучуга чакталат. Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, бирок токтоп калган. Өткөн жылы республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, жумуштар жанданган болчу.