Экономика министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Санжарбек Болотов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Австралиялык эки дос адаттан тыш рекорд жасады

Австралиялык эки дос адаттан тыш рекорд жасады. Жаштар бир күндө Сиднейдеги 99 пабга барып чыгышкан.   Алар ар бир барда жок дегенде бирден ичимдик ичкен.   Австралиялыктар рекордго жетүү оңой болбогонуну моюнга алышты. Маселен, кээ бир эс алуу жайларында аларга видео тартууга тыюу салынса, башкаларында… Кененирээк…

Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу уюмдун Твиттердеги расмий баракчасына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.

Бишкекте балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт

Бишкекте балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай чара сасык тумоо көп жайыла баштаганы менен байланыштуу.   Анын алкагында шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар үчүн эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын… Кененирээк…

Кара-Сууда 225 орундуу мектептин курулушу аяктады

Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, жумуштар республикалык бюджеттин эсебинен өткөн жылы башталган.   Эки кабаттуу мектепте спорт залы, өтмөк галереясы, көмүр кампасы жана от жакан жайы бар.

“Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу башталды

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу башталды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, объект жыл бою иштеп, эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай салынат.   Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн доллар жана алты этап менен курууга эсептелинген.   Белгиленгендей,  «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин долбоору россиялык… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору кайсы этапта?

“Кыргыз темир жолу” Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун соңку чоо-жайын айтып берди. Мамлекеттик ишкананын жетекчи орун басары Дастан Усубакунов билдиргендей, биздин өлкө буга чейин техникалык-экономикалык негиздемени алган.   Жолдун курулушуна болжол менен 4 миллиард доллар сарпталат. Учурда тараптар каржылоо жана каражат табуу маселелерин талкуулашууда.  … Кененирээк…

Матраимовго байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынды

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар 58 бажы кызматкери кызматтан алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.   Ал бул багытта 2022-жылдан бери териштирүү жүрүп келгенин, иштен алынган кызматкерлердин арасында орун басарлар, башкы инспекторлор да болгонун айтты.   Белгиленгендей,… Кененирээк…

Кыргызстанда беш аэропорттун учуу-конуу тилкелери асфальтталды

Кыргызстанда «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.   Ошондой эле 2000-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн Төө-Ашуудагы туннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.   Мындан тышкары, узундугу 3 миң 890 метрди… Кененирээк…

Месси Time журналынын тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчусу аталды

Футболчу Лионель Месси Time журналынын тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчусу аталды. Өткөн жылдын аягында форвард Аргентина курама командасына Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңүүгө көмөктөшүп, турнирдин мыкты оюнчусу болгон.   2023-жылы жайында америкалык «Интер Майами» клубу менен келишим түзүп, алар менен Лигалар кубогун утуп алган.  … Кененирээк…