Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот

Эми Кыргызстанга келген туристтер жана чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, чет элдиктер каттоого Калкты каттоо департаментинин сайты аркылуу тура алат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат

Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат. Мекеме жетекчиси Улан Ниязбеков билдиргендей, анын алкагында жер-жерлерде тергөө кызматтарынын ишин жакшыртуу пландалууда.   Маалыматка ылайык, кошумча кызматкерлер министрликке экономикалык иштерди тергөө милдети берилгендиктен ишке алынат.   Эске салсак, буга чейин президент прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун… Кененирээк…

Бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү

Калктын бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү. Жер институтунун жана Туруктуу өнүктүрүү борборунун жаңыланган маалыматтарына караганда, учурда биздин өлкө 62-орунда турат.   Алдыңкы үчтүк өзгөргөн жок: Финляндия, Дания жана Исландия. 137 өлкөнүн ичинен эң акыркы тизмеде Афганистан жайгашкан.   Коңшулар — Казакстан 44,… Кененирээк…

Нарындагы Чкалов орто мектебине 500 орундуу кошумча корпус курулат

Нарындагы Чкалов орто мектебине 3 кабаттуу, 500 орунга ылайыкталган кошумча корпус курулат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Нарын аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура тарабынан жарыяланды.   Пландалган сумма дээрлик 178 млн сомду түзөт.

Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты

Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты. Ар кандай түстөгү чачтар имараттын жылуулук изоляциясы үчүн материал катары колдонулган.   Көрсө, үйдүн мурунку кожоюну сулуулук салонунун ээси болгондуктан, курулуш материалдарын сатып алуудан үнөмдөөнү чечкен. Үйдүн чатырында дагы бир нече кап чач табылган.   Кырдаалдын… Кененирээк…

Жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турду

Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын чет өлкөлүк жаран каттоого турду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева.   Маалыматка ылайык, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү — мигранттар, студенттер жана туристтер.

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө

Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме эки кабаттан турат.   Учурда биринчи кабаттын каркасы толук бүтүп, экинчи кабаттын колонналарынын монолити даярдалууда.

Ошто таза суу маселеси бир айда толук чечилет

Ошто таза суу маселеси бир айда толук чечилет. Бул тууралуу калаа башчы Бактыбек Жетигенов билдирди.   Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында шаардагы ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышты.   Анда мамлекет башчы ишти тездетүү тапшырмасын берди.… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюулууда

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюулууда. Салык кызматы өткөрмө бекеттерде колдонулган “Жыйынды пост” маалымат тутуму калыбына келтирилгенин билдирди.   Маалыматка ылайык, автоматташтырылган система 28-июлга караган түнү интернеттин өчүп калганына байланыштуу үзгүлтүккө учураган.   Буга чейин Чек ара кызматы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Чалдыбар”… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жаралды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унаалардын тыгыны жаралды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттеринде бир канча машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турат.   Мекеме узун тыгындын себебин Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү. Жагдай боюнча… Кененирээк…