“Менин үйүм” программасы аркылуу 2,5 миңден ашык бүлө турак-жайлуу болду

Кыргызстанда “Менин үйүм” программасы аркылуу 2,5 миңден ашык бүлө турак-жайлуу болду. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдиргендей, учурда үй алууга 60 миңдей жаран арыз таштап, 9500дөй киши банктарда кезекте турат. Эске салсак, бийлик былтыртан тарта «Менин үйүм — 2021-2026» турак жай программасынын алкагында… Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 18 миллион сом чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга дээрлик 18 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат. Эске салсак, буга чейин кырсык катталган аймакка кыргызстандык 147 адис барган. Алардын арасында куткаруучулар, кинологдор, дарыгерлер жана психологдор… Кененирээк…

Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарды. Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгени кабарланды. Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары… Кененирээк…

Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат

Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, форумга агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан эки өлкөнүн 150дөн ашык ишкери катышууда. Форумдун программасында бизнес кызматташтыктын келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири… Кененирээк…

Кахраманмарашта кыргыз элчилиги менен консулдугунун штабы иштей баштайт

Эртеңден тарта Түркиядагы жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын элчилиги иштеп баштайт. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, убактылуу штабда Анталия менен Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктардын өкүлдөрү да иш алып барат. Алар жабыркаган жерлерди кыдырып, кыргызстандыктарга жардам көрсөтүшөт. Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн штабы… Кененирээк…

Жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары чектөө жарым жыл күчүндө болот. Эске салсак, жыгач жана жыгач материалдарын сыртка чыгарууга буга чейинки алты айлык тыюу былтыр август айында киргизилген.

Ош шаарында быйыл беш бала бакча ачылат

Ош шаарында быйыл беш бала бакча ачылат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, төрт бала-бакчанын курулушу учурда жүрүп жатат. Бирөө жаңы башталат. Амир-Темур, Курманжан-Датка кичи районунда, Кеңеш жана Ак-Тилек айылдарында курула турган мектепке чейинки билим берүүчү жайлар жергиликтүү бюджеттин эсебинен… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы автобустар каттамга ушул жума чыга баштайт

Бишкектеги жаңы автобустар каттамга ушул жума чыга баштайт. Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, учурда “бажыдан өткөрүү” жана “Унаа” мамлекеттик мекемесине каттоо иштери аяктап калды. Эске салсак, ордо калаага Кытайдан 120 автобус келген. Аларды сатып алууга бюджеттен 1 миллиард… Кененирээк…

Баткенде тез өсүүчү бактар отургузулат

Баткенде тез өсүүчү бактар отургузулат. Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришкендей, кеп Лейлек районунун Максат айылы тууралуу болуп жатат. “Жашыл чек ара” долбоорунун алкагында алма, алмурут, нектар жана гилас бактарын отургузуу пландалууда. Бакчаларда багбанчылыктын негиздерин үйрөнүүнү каалаган жергиликтүү аялдар иштешет. Келечекте өстүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу жана республиканын… Кененирээк…

Кыргызстанда КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши өтөт

Кыргызстанда КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши өтөт. Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаевдин айтымында, иш-чара 13-октябрга белгиленген. Республикага шериктештикке кирген бардык өлкөлөрдүн президенттери келери күтүлүүдө. Кеңеште Кыргызстан жыл ичинде КМШга кандай төрагалык кылганы боюнча отчет берет. Мындан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана өкмөттөрүнүн… Кененирээк…