Нарын шаарына ири спорт комплекс куруу пландалууда

Нарын шаарына ири спорт комплекс куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Турак жай-жарандык курулуш департаментине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланды.   Объектинин сметалык баасы 77 млн сомдон ашат.

ЮНИСЕФ Жалал-Абаддагы саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшөт

ЮНИСЕФ Жалал-Абад облусунда саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшөт. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, уюм 2024-жылы облустун айыл аймактарындагы калктын ден соолугуна кам көрүү үчүн телемедицина долбоорун ишке ашырууну көздөөдө.   Бул демилге алыскы аймактардагы бейтаптардын аралыктан амбулатордук дарылануусуна шарт түзөт деп күтүлүүдө.

Сокулукта архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын административдик имаратынын кошумча курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Имараттын жер тилкенин жалпы аянты 1811,4 чарчы метрди түзөт, анда бирдиктүү терезе, күтүү залы, 5 иш кабинети, конференция… Кененирээк…

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.   Өзгөртүлгөн документке ылайык, эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою да эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан тышкары сотто балага сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдүн күнөөсү далилденсе жазасыз калбайт.   Документти… Кененирээк…

Хоргосто Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат

Хоргос шаарында Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат. Тиешелүү тараптар кызматташуу меморандумуна кол коюшту.   Документте кыргызстандык ишкерлер үчүн Кытайдын Хоргосунда көргөзмө павильонун бөлүп берүү да каралган. Бул кыргызстандык ишкерлерге рынокторун кеңейтүүгө, жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.

Кыргызстандыктар унаа сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат

Кыргызстандыктар ата мекендик автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат. Министрлер кабинети тиешелүү долбоорду бекитти.   Аны ишке ашырууга эки банк катышат. Алардын ар бирине насыя берүүгө уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 47 миллион сомдон бөлүнөт.   Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар ​​жана жеке ишкерлер 5… Кененирээк…

Жаңы Зеландияда куштун бир тал канаты 28 миң доллардан ашык баага сатылды

Жаңы Зеландияда тукум курут болгон Гуйя аттуу куштун бир тал канаты 28 миң доллардан ашык баага сатылды. Аукциондо канат 3 миң долларга чейин бааланары күтүлгөн. Бирок жыйынтык таң калычтуу болуп чыкты.   Гуйя жергиликтүү калк үчүн ыйык куш болгон. Алардын канаттарын көбүнчө башчылар жана алардын… Кененирээк…

“Санарип көчмөн” долбоорун узартуу сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги “Санарип көчмөн” пилоттук долбоорун узартууну сунуштоодо. Учурдагы мөөнөт ушул жылдын 30-июнунда бүтөт.   Мекеменин демилгеси менен долбоор дагы бир жыл ишин уланта алат. Анын максаты маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагына чет элдик адистерди тартуу боюнча иштерди улантуу. Токтом долбоору талкууга коюлду.   Эске… Кененирээк…

Жылдын биринчи кварталында 260 миңден ашык кыргызстандык микрокредит алды

Ушул жылдын биринчи кварталында 260 миңден ашык кыргызстандык микрокредит алды. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, берилген каражаттын көлөмү 13 миллиард сомдон ашты.   Микрокредит менен камтылган калктын саны 37 пайызга, акчанын көлөмү 23 пайызга өскөн.   Эң көп микрокредитти Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын… Кененирээк…

Бишкекте Шабдан Баатыр көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери башталды

Бишкекте Шабдан Баатыр көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери башталды. Мэриядан билдиришкендей, иш 7-апрель менен Лермонтов көчөлөрүнүн ортосунда жүрүп жатат.   Адистер эски асфальтты сыйрып, бордюрларды жана ирригациялык системаларды демонтаждоодо. Учурда Курманалиев көчөсүнөн Будённыйга чейин оңдоо иштери жүрүп жатат.