Кабарлар

Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу “Манас» айтты

Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» айтышты.   Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, «Манас» айтып жаткан окуучуларга… Кененирээк…

Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө: Кыргызстандын тоолуу райондорунда; Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда; Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майда “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” түйүндөрү иштебейт.   Пункттар кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Эмгек күнү” майрамдалгандыгына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.