Бишкек шаарындагы абанын сапаты орточо

Бишкек шаарындагы абанын сапаты орточо. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   IQAir жарыялаган маалыматка таянсак, 11-январь, саат 17:00гө карата Бишкектеги абанын булгануусу 77 AQI болду.   «Бул көрсөткүч абанын сапаты орточо дегенди билдирет», — деп кошумчалашты… Кененирээк…

Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, мындай чара Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.   Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды… Кененирээк…

Быйыл өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек

Быйыл өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйында билдирди.   Ал тышкы миграциянын агымын азайтуунун негизги жолу адамдарга Кыргызстанда жумуш таап берүү экенин белгиледи.   Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда… Кененирээк…

Сулайман-Тоого желим бөтөлкөлөрдү алып кирүүгө тыюу салынды

Сулайман-Тоого желим бөтөлкөлөрдү жана полиэтилен баштыктарын алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Буга байланыштуу музей комплекстин аймагында пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, пакеттерде чипсы, кириешки өңдүү товарларды саткан түйүндөр жабылды.

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.   Тиешелүү документ былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   Мыйзам расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Билим берүү министрлиги улуттук олимпиада өткөрүү күндөрүн бекитти

Билим берүү министрлиги улуттук олимпиада өткөрүү күндөрүн бекитти. Маалыматка ылайык, билим таймашы математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өтөт.   Олимпиаданын I, II этаптары онлайн, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.   Анын алкагында Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасы түзүлөт.  … Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 540 суу каналы оңдолот

Быйыл Кыргызстанда 540 суу каналы оңдолуп, сууну убактылуу топтоочу бассейндердин курулушу башталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча өткөн өкмөттүн жыйынында ал быйыл кургакчылык болуп, суунун аз болушу күтүлүп… Кененирээк…

Кыргызстанга мал жана эт алып келүүдө ветеринардык көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанга мал жандыктарын жана эт азыктарды алып келүүдө ветеринардык көзөмөл күчөтүлөт.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, эми өлкөдөгү 32 өткөрүү пункту башкы ветеринардык инспектордун уруксат кагазынын түп нускасын жана башка коштоочу документтерди талап кылат.   Ошондой эле жаныбарлар көзөмөлдөн өткөндөн кийин карантинге алынары белгиленген.  … Кененирээк…

Бишкек — Ош трассасында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Акташ унаа жолдорунда жогору.… Кененирээк…

Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнүн курулушун айдын аягында бүткөрүү пландалууда

Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнүн курулушун ушул айдын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Жаңы көпүрөнүн узундугу 72 метрди, туурасы 10,5 метрди түзөт.   Маалыматка ылайык, Көк-Арт суусундагы көпүрө 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга кептелген. Жаңысын салуу үчүн былтыр… Кененирээк…