Кыргызстанда булут электрондук колтамгасын алуучулардын саны өсүүдө

Кыргызстанда булут электрондук колтамгасын алуучулардын санынын кескин өсүшү байкалууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, колтамганы алуучулардын санынын өсүшү жыл сайын жарандар арасында электрондук форматта мамлекеттик кызмат алууга болгон кызыгуу өсүп жаткандыгы менен байланыштуу болууда.   Булут электрондук колтамга жарандын өзүнүн кол койгон колуна барабар жана онлайн… Кененирээк…

Улуу британиялык окуучу Сайрус Люн IQ-тестти мүмкүн болгон 162 баллдын ичинен 160 балл жыйынтык менен тапшырды

Улуу британиялык окуучу Сайрус Люн IQ-тестти мүмкүн болгон 162 баллдын ичинен 160 балл жыйынтык менен тапшырды. Интеллекттин мындай деңгээли Альберт Эйнштейн жана Стивен Хокингде гана болгон.   Эми 12 жаштагы бала планетадагы эң акылдуу адамдар мүчө болгон Менса уюмуна кирет. Кошумчалап кетсек, өспүрүм пианинодо ойногонду… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдү унаа менен сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда көмүрдү унаа менен сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салуу сунушталды.   Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга Өнөр-жай мамлекеттик комитетти чыгарды. Демилгечилер билдиришкендей, Евробирикме аймагында Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан келген көмүргө суроо-талап кескин өстү. Андыктан, экспорт көлөмү өсүп, калкка отун жетишсиз болушу мүмкүн деген… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды

Бүгүн, 1-февралда, Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка караганда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө жасалган операцияга министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү катышкан. «Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу үчүн операция жасалып, андан соң… Кененирээк…

Лионель Месси “Барселона” менен алгачкы келишимге кол койгон салфетка аукционго чыгарылды

Лионель Месси “Барселона” менен алгачкы келишимге кол койгон салфетка аукционго чыгарылды. Анын баштапкы баасы – 350 миң евро. Уюштуруучулар аны кыйла жогору баага сатууну пландап жатат.   Аукцион мартта өтөт.   Эске салсак, “Барселона” менен Лионель Мессинин алгачкы келишимине 2000-жылдын  14-декабрында кол коюлган. Анда футболчу… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары бүгүн жана эртең Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Сары-Таш – Доорот-Коргон – Карамык жана Красная Горка – Акташ унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга май айынан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт

Кыргызстандыктарга май айынан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Документке ылайык, өзгөртүлгөн туу түшүрүлгөн улуттук паспорттор 2017-жылкы үлгүдөгү  ID-карталардын жана  2020-жылкы жалпы жарандык паспорттордун бланктары аяктагандан кийин берилип баштайт.

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар. Бул тууралуу Кытайдын элчиси Ду Дэвень Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушууда билдирди.   Дипломат белгилегендей, инвесторлорду тартуу боюнча иштер улантылат. Өз кезегинде министр өлкө энергетикасынын потенциалы жана инвесторлор менен иштешүүдө айрым процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөнүн баса белгиледи.

Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады

Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурга карата муздак суу жана агынды суусу үчүн тариф күнүнө 35 литрден 170 литрге чейинки нормада эсептелет.   Ордо калаа бийлиги бардык керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү эсепти киргизүүнү сунуштап жатат – бир адамга… Кененирээк…

Таласта жаңы мектеп ачылды

Таласта жаңы мектеп ачылды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, 275 орундуу билим уясы Көк-Токой айылында курулду.   Маалыматка ылайык, курулушка 95 млн сом жумшалды. Каражат мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн.