Бишкектеги Төкөлдөш жаңы конушуна газ берилди

Бишкектеги Төкөлдөш жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Мэриянын маалыматына караганда, долбоордун алкагында  аймакта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактар ​​курулган.   Жалпысынан 752 кожолукка көгүлтүр от менен колдонуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Эртең Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылат

Эртең Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылат. Салтанат эртең мененки саат 9да башталат.   Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир мектепке милиция кызматкерлери жана кайгуул-күзөт бөлүмдөрү бөлүнөрүн Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеме ата-энелерди бүтүрүүчүлөргө унаа башкартоого, сууга түшүүгө тыюу салууга чакырып, эреже бузуулар болсо дароо милицияга кайрылууну… Кененирээк…

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий түрдө 7-8-июнда ачылат

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий түрдө 7-8-июнда ачылат. Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ички туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдө форум уюштурулат.   Белгиленгендей, жайкы туристтик сезондо аткарылышы керек болгон иш планы мамлекеттик органдар менен макулдашылды.

1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат

1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, ага чейин сатуучулар салыктын ылайыктуу режимин тандап алышы керек.   Башкача айтканда, ишкерлер жалпы режимге өтө алышат, мында салыктар учурдагы салык мыйзамдарына жана ставкаларына ылайык жалпы негизде төлөнөт. Экинчи вариант – бирдиктүү салыкка… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги индиялык компания менен кызматташат

Саламаттык сактоо министрлиги Индиянын «Кендрия Бхандар» компаниясы менен медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара видеоконференция аркылуу өткөн.   Анын жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнү дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууда «Кендрия Бхандар» компаниясынын салымын баса белгиледи.

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Катуу шамал учурунда унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо керек, электр чубалгылары турган жерден алыс болуу… Кененирээк…

Ашхабадда Айтматовдун эстелиги орнотулду

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.   Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар.   Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Анын аймагында чет элдик жазуучулардын 25ке… Кененирээк…

Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө. Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана «Шахман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу,… Кененирээк…

Бишкектеги №8 бала бакчанын кошумча корпусун куруу иштери уланууда

Бишкектеги №8 бала бакчанын кошумча корпусун куруу иштери уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан бала бакчанын кошумча корпусу эки кабаттуу, 160 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 987,90 чарчы метрди түзөт.   Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин… Кененирээк…

Бишкекте 26-майдан тарта Ахунбаев көчөсү ремонттук иштерге жабылат

Бишкекте 26-майдан тарта Ахунбаев көчөсү ремонттук иштерге жабылат.   Буга байланыштуу, айрым коомдук транспорттун каттамына өзгөртүүлөр киргизилет. Маалыматка ылайык, №6 жана №10 троллейбус каттамдары убактылуу жабылат.   Алардын ордуна жаңы троллейбустар кое берилет — №3 троллейбус Фрунзе заводунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин, №15 троллейбус Асанбай… Кененирээк…