Финляндия кайрадан дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды

Финляндия жетинчи жолу катары менен дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды. Мындай тыянакка “Бакыт боюнча дүйнөлүк докладдын” авторлору келишти.   Алдыңкы үчтүккө Дания менен Исландия да кирди. Эң бактысыз өлкөлөр Афганистан, Ливан жана Конго Демократиялык Республикасы болуп саналат.   Өлкөлөрдөгү бактылуулуктун деңгээлин аныктоо үчүн талдоочулар алты… Кененирээк…

Аскат Жетиген эки айга камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.   Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш… Кененирээк…

Электр энергияны 75 миңден ашык үй-бүлө арзан тариф менен колдонот

Кыргызстанда 75 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул алуучулардын 91%ын түзөт.   Эске салсак, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар 2022-жылдан тарта электр энергиясын… Кененирээк…

Бишкекте автобус жана троллейбустар үн кабарлоо тутуму менен толук жабдылды

Бишкекте автобус жана троллейбустар үн кабарлоо тутуму менен толук жабдылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 600 автобуска жана 92 троллейбуска аялдамаларды жарыялоочу ички жана тышкы автоматтык түрдө кабарлоочу система орнотулду.   Мындан тышкары, ордо калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер коюлган, муну менен жарандар “Менин шаарым” тиркемеси… Кененирээк…

Таласта бир катар мыйзамсыз курулуштарга айып салынды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аймактарда курулуп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун тактоо иштерин улантууда. Ведомстводон маалымдашкандай, бул ирет Талас аймактык мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы Бакай-Ата районунун Үрмарал өзөнүндө «Урмарал-Энерго» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан «Чакан ГЭСтин» курулушу текшерилди.   Текшерүүдө архитектуралык кагаздарды толук албастан,… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспорту убактылуу Киев көчөсүнө багытталды

Бишкектин коомдук транспорту убактылуу Киев көчөсүнө багытталды. Мэриянын маалыматына караганда, кеп Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган кичи автобустар жана автобустар тууралуу болуп жатат. Эске салсак, бул тилке 23-марттын түн жарымына чейин жабык болот.   Иш-чаралар Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу. Ошондой эле… Кененирээк…

Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу аяктоо алдында турат

Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу аяктоо алдында турат. Компания учурда кездемелерди чыгарууга багытталган эки инвестициялык долбоордун бирин ишке киргизүүгө даярданып жатат.   Импорттолгон технологиялык жабдууларды орнотуу аяктады.   Долбоорду ишке ашыруу менен Кара-Балта шаарында 600 жаңы жумуш орун түзүлөт. Учурда 100гө жакын адам окуудан өтүп жатат.

ӨКМ сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 21-22-мартта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Селдин алдын алуу үчүн үйдүн жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоо… Кененирээк…

Кыргызстанда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот

Кыргызстанда дыйкандар күйүүчү-майлоочу май менен 100% камсыз болот. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.   Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.   Белгиленгендей, быйылкы жазгы талаа иштерине… Кененирээк…

Улуттук госпиталдын базасында да мамлекеттик дарыканалар ачылды

Улуттук госпиталдын базасында да мамлекеттик дарыканалар ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен эске салышкандай, «Эл Аман» дарыканалары калкка өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган, жеткиликтүү баадагы дары-дармектердин түрүн сунуштайт.   Белгилеп кетсек, учурда республикада жалпысынан 77 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.