Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

Ошто медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, буга алардын санитардык-гигиеналык ченемдерин сактабагандыгы себеп болгон. Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаардык… Кененирээк…

Туристтердин агымы көп болгондуктан, Ысык-Көлгө каттаган маршруттук таксилердин саны көбөйтүлдү

Туристтердин агымы көп болгондуктан, Ысык-Көлгө каттаган маршруттук таксилердин саны көбөйтүлдү.   Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Аптаптуу ысыкка байланыштуу көл жээгине агылган эс алуучулардын саны кескин өстү. Андыктан ведомство кошумча 30 кичи маршруттук такси жана 3 автобус кое берди. Алар… Кененирээк…

Өлкөдө салмак-габариттик көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат

Өлкөдө салмак-габариттик көзөмөлдөө бекеттери текшерилип жатат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Күтүүсүз текшерүүлөр мындай жайлардагы коррупциялык схемаларды жоюуга, көзөмөлдү күчөтүүгө жана санариптештирүүнү жайылтууга багытталат.   Ошондой эле күн ысыкта ири жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөнүн сакталышы дагы текшерилип жатат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан жолдорунда… Кененирээк…

Ордо калаада биринчи жолу таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Ордо калаада биринчи жолу таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, турнир  24-июлдан 31ине чейин уюштурулат.   Мелдештерге дүйнөнүн 20 мамлекетинен келген 1 миңден ашык спортчу катышат.

Бишкектин түштүк тарабында жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин түштүк тарабында жаңы мектеп пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси азыркы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин корпусунун ордунда жайгашат.   Учурда имаратта капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Күтүлгөндөй, жумуштар жаңы окуу жылына карата жыйынтыкталат.

Бишкекте 100дөн ашуун аялдама жууп-тазаланат

 Бишкекте 100дөн ашуун аялдама жууп-тазаланат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жакынкы күндөрү “Тазалыктын” кызматкерлери шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан 113 аялдама жана отургучту жогорку басымдагы аппараттар менен нымдуу тазалоо иштерин баштайт. Жайкысын аптаптуу ысыктан улам чаң көп топтолуп, аялдамаларды нымдуу тазалоо борбордук көчөлөрдү бир аз сергиткенге жардам берет. Техникалык… Кененирээк…

Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга эки талапкер арыз берди

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн «Эл үмүтү» партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу менен буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Искаков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Алмаз Аскар уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген.… Кененирээк…

Нарын облусунда жаңы бала бакча пайда болот

Нарын облусунда жаңы бала бакча пайда болот. 120 орундуу бакчанын курулушуна тендерди аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Байзак айылында жайгашат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 96 миллион сом бөлүндү.

Мамлекеттик салык кызматынын системаларында 16-17- жана 23-24-июлда техникалык жумуштар жүргүзүлөт

Мамлекеттик салык кызматынын системаларында 16-17- жана 23-24-июлда техникалык жумуштар жүргүзүлөт. Буга байланыштуу “Электрондук товар транспорттук коштомо кагаз” модулу жана атайын операторлордон отчет кабыл алуу сервиси убактылуу иштебейт.   Техникалык иштер жумуштун сапатын жакшыртуу жана маалымат системаларындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү максатында аткарылып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду

Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которду. Улуттук банктан билдиришкендей, 2022-жылдын май айына салыштырмалуу которуулар 32 пайызга төмөндөдү.   Анда которуу системалары аркылуу өлкөгө 257 миллион доллар жөнөтүлгөн болчу. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бардык акча которуулардын 90 пайызы Россияга туура келет.… Кененирээк…