Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө 21 миллион 748 миң сом жумшалат

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө 21 миллион 748 миң сом жумшалат.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоо 30-июнга белгиленген.   Смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди. Эске салсак, аталган… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.   Ага ылайык, 4-6-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү асфальтталат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди. Министр белгилегендей, жалпы жонунан 3 чакырым 800 метр жол оңдолот.   Жолду асфальттоо иштери жакынкы күндөрү башталып, июль айына чейин аяктайт. Жолду асфальттоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен… Кененирээк…

Бишкектен Ошко учкан учак авариялык конууга мажбур болду

  Бишкек – Ош багыты боюнча каттаган Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 4-майда авариялык конууга мажбур болду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.   Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын себеби учактын кыймылдаткычынын бирине урунган канаттуу болушу мүмкүн.   Аба майдандан көтөрүлгөн учак 10 мүнөттөн кийин кечки… Кененирээк…

Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди

Сузакта «Портер» жүрүп кетип, андан жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды. Буга чейин президент Садыр Жапаров жабыркагандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында балдарды Бишкекке алдыруу тапшырмасын берген. Алар борбор… Кененирээк…

Кеңешке эки жаңы депутат келди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эки округда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.   Кара-Суу шайлоо округу боюнча Илимбек Кубанычбеков депутат болду. Ал добуштардын 36 пайызын алган. Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шайлоо округу боюнча депутат деп табылды. Ага шайлоочулардын 43 пайызы… Кененирээк…

Сузактагы окуядан кийин милиция жетекчилери иштен алынды

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга байланыштуу милицияда иштеген бир катар жетекчилер кызматтан алынды.   Мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аны орун басары, фестиваль өткөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы жумуштан бошотулду. Андан тышкары, коопсуздук маселесине… Кененирээк…