Кыргызстанда 10-июндан тарта бир аз салкын болушу күтүлөт

Кыргызстанда 10-июндан тарта бир аз салкын болушу күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 9-июнда көпчүлүк аймактарда аба табы 40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 11-июнда температура 4-5 градуска төмөндөйт.   Эртеси эле, 12-июнда кайрадан аптаптуу күндөр кайтып келет, бирок, 40 градуска жетпейт, — дешет синоптиктер.

Эртең Бишкекте Мурманск көчөсү боюнча темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Эртең Бишкекте Мурманск көчөсү боюнча темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, унаа кыймылына эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин чектөө киргизилет.   Мындай чара ремонттук иштерге байланыштуу. Айдоочуларга Садыгалиев, Алыкулов жана Дэн Сяопин көчөлөрү альтернативалык вариант катары сунушталат.

Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды

Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды.   Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеринде пайдубал тургузуу жана дубалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө.   Эске салсак, 8 гектардан ашык жерде жалпысынан 5 миң батирден турган 11 көп кабаттуу үй пайда… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө 4 миллиард сом керектелет

Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө 4 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу парламентте Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал белгилегендей, бул суммага жылуулук-электр борборун көгүлтүр отко которуу үчүн тиешелүү жабдуулар жана жумуштар гана кирет.   Газдын баасы өзүнчө эсептелет.  Буга чейин бул тема бир нече ирет шаардык… Кененирээк…

Бишкектин Көк-Жар конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Көк-Жар конушунда жаңы бала бакча пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, 2 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 бөбөккө чакталат.   Имаратта оюн, уктоочу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, машыгуу жана музыка залдары каралган. Учурга карата бала бакчанын буу казанын куруу иштери жүрүп жатат.

Омск – Бишкек автобус каттамы 7-июлдан тарта жанданат

Омск – Бишкек автобус каттамы 7-июлдан тарта жанданат.   Бул тууралуу аталган россиялык облустун унаа башкармалыгынан билдиришти. Омск автобекетинен автобустар жума күндөрү кечки саат 8де чыгат.   Билеттер 17-июндан тарта сатыкка чыгарылып, баасы 6 миң сомду түзөт. Ал эми жүк үчүн кошумча 600 сом төлөөгө… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата андагы нымдуулуктун деңгээли 8 миллиард 760 миллион кубометрди түздү.   Өткөн жылдын ушул мезгилинде резервуарда  10 миллиард 860 миллион кубометр суу бар болчу. Суунун агып кириши секундасына 718 куб болсо, чыгышы 440 кубометрге… Кененирээк…

Лионель Месси америкалык “Интер Майами” клубуна өткөнүн расмий жар салды

Лионель Месси америкалык “Интер Майами” клубуна өткөнүн расмий жар салды. Спортчунун келишими 3 жылга эсептелди. Анда форвард 2 сезондон кийин эркин агент катары кете ала турганы жазылган.   Эгер эки тарап тең кызматташуусун улантууну чечсе, келишим 2026-жылга чейин созулат. Месси менен “Интер Майаминин” расмий документке… Кененирээк…

Ордо калаанын “Ынтымак” жана “Ынтымак-2” эс алуу парктарынын аймагын мыйзамсыз түйүндөрдөн тазалоо уланууда

Ордо калаанын “Ынтымак” жана “Ынтымак-2” эс алуу парктарынын аймагын мыйзамсыз түйүндөрдөн тазалоо уланууда. Бул аймактардагы соода павильондор, ар кандай оюн автоматтары, балмуздак жана башка азык саткан көчмө түйүндөр алынды.   Муниципалдык кызматтар жалпысынан мындай 15 объектти жок кылды. Рейддер мындан ары дагы уланат.

Евразия өкмөт  аралык кеңешинин кийинки отуруму августта Чолпон-Ата шаарында өтөт

Евразия өкмөт  аралык кеңешинин кийинки отуруму августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Мындай чечим Сочидеги отурумда кабыл алынды.   Расмий иш-чаранын күн тартибинде 10 суроо каралды, анын ичинде эркин соода жүргүзүүнү өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жана башка маселелер бар.   Өкмөт башчылар оошондой эле… Кененирээк…