Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду ээледи. Жаңыланган тизме бүгүн жарыяланды. Биздин кураманын эсебинде 1 миң 225 упай бар.   Отчеттук мезгилде команда “Үч өлкө кубогу” достук турниринин алкагында 2 беттеш өткөргөн. Биринчи жолугушууда кыргызстандыктар Индияга утулуп калса, экинчисинде Мьянма менен теңме-тең ойноду.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү эртең иштебейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү эртең иштебейт.   Ички иштер министрлигинен эске салышкандай, 7-апрелде Кыргызстанда Апрель революциясынын күнү белгиленип, эс алуу жарыяланган.   Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек, Батыш, Ош жана Жалал-Абад бөлүмдөрү ачык болот. Жарандар транспортту каттоо боюнча бардык кызматтарды ала алат.

Бишкекте Шопоков көчөсүнүн Жумабек – Фрунзе тилкеси убактылуу бир тараптуу болду

Бишкекте Шопоков көчөсүнүн Жумабек – Фрунзе тилкеси убактылуу бир тараптуу болду.   Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, бул жерден унаалар эми түштүк тарапка гана өтө алат.   Кошумчаласак, батыш тараптагы экинчи тилке контейнерлер менен тосулган. Аларды мурдагы “Нарын” ресторанынын ордуна жаңы мейманкана куруп жаткан компания коюп… Кененирээк…

Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналы курулуп жатат

Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналы курулуп жатат.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдар жүргүзүүдө.   Объект колдонууга май айында берилип калат. Кийин каналдын суусу ичүүгө жана жер сугарууга колдонулат.

Улуттук банк онлайн-казинолого чет элдик валютаны кабыл алууга уруксат берүүнү сунуштады

Улуттук банк онлайн-казинолого чет элдик валютаны кабыл алууга уруксат берүүнү сунуштады.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, республика аймагында бардык эсептөөлөр сом менен гана жүргүзүлөт.   Бул үчүн маселелер жаралышы мүмкүн. Мыйзам боюнча чет элдиктер эле оюн-зоок жайларынын кардары боло алат, алар болсо башка валюта… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүү сунушталды

Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүү сунушталды. Унаа жана жолдор министрлигинин токтом долбоору талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, жергиликтүү транспорт үчүн 50-300 сом, чет өлкөлүк же транзиттик унааларга 200-5 миң сом деп бекитүү сунушталып жатат. Баалар унаалардын түрүнө карап… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирустан  Pfizer вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга коронавирустан  Pfizer вакцинасы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 20 миң доза препарат келди.   Ведомстводон белгилешкендей, вакцина COVAX программасынын линиясы менен жөнөтүлгөн. Препаратты гуманитардык негизде Кыргызстанга Франция өкмөтү тапшырды.

Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылууга 23 миллион евро бөлүнөт

Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылууга 23 миллион евро бөлүнөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен аткарылат.   Адистер 4 объектти коопсуз жерге көчүрүп, шахталарды жаап салуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон белгилешкендей, бул экологиялык иштер жүргүзүлүүчү… Кененирээк…

1 миңден ашык чет элдик Кыргызстанда “санарип көчмөн” макамын алды

1 миңден ашык чет элдик Кыргызстанда “санарип көчмөн” макамын алды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын сентябрынан тарта 3 миңден ашык адам арыз берди.   Алардын бир бөлүгү документтердин кароосун күтүп жатса, айрымдарынын сурамы документтердин жетишсиздигине байланыштуу четке кагылды.   Эске салсак, “санарип көчмөн” макамын… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш пенсиялык реформа жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды

Жогорку Кеңеш пенсиялык реформа жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды. Депутаттардын пикиринде Соцфонд алардын оюн эске алып, документти оңдогон эмес.   Ал эми министрлер кабинетинен белгилешкендей, демилгечилерге мыйзамды редакциялоого 1,5 ай берилген. Эми эрежеге ылайык, мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна кайрадан жарым жылдан кийин гана… Кененирээк…